Артыкбаев ЖЭБге жумшалган 386 миллион доллар боюнча айтылган сөздөргө Кытай тарап таарынып калышы мүмкүн деп кооптонду

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтеген депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны өтүүдө. Анда ошол кездеги энергетика министри болгон Осмонбек Артыкбаев ЖЭБге жумшалган 386 миллион доллар боюнча айтылган сөздөргө Кытай тарап таарынып калышы мүмкүн деп кооптонду.

"ЖЭБди жаңылоо мезгилдин талабы болгон. Мен ушул долбоорго катышканыма сыймыктанам. Азыр түрдүү кеп-сөздөр айтылып жатат. Айрым маалымат каражаттары мени "чет өлкөгө качып кетүүгө камынып жатат" деп жазганын окудум. Мен качпайм, мен ушул долбоордо иштегениме сыймыктанам!" - деди Артыкбаев.

Осмонбек Артыкбаев учурдагы коррупцияга карата шек саноолордун жаралышы эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге доо кетириши мүмкүн экенин айтты.

"Бул техникалык колдоо болгон. Ири каражатты биз техникалар аркылуу алганбыз. Азыр түрдүү кеп-сөздөр айтылып жатат. Бул маалыматтар Кытай тарапты таарынтышы мүмкүн. Бул эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесине коркунуч жаратышы мүмкүн", - деди Артыкбаев.

Депутат Алмазбек Токторов депутаттык комиссия парламент тарабынан түзүлгөнүн айтып, комиссиянын дипломатиялык мамилелерди буза турган ою жок экенин белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Дарыгер
2018-03-13 17:18:25
Бул олигарх жеп алып коркуп жатат. Ушул кунку жегичтердин баарын оозун дагы ###### дагы Максим Бакиев кыстырып коет эле
+6
bond02
2018-03-13 17:21:25
биз Кытайда жашап жатабызбы алардын конулуно карагыдай, таарынса кетсин артын карабай Кытайына, бизден аял кылып алган токолдорун таштап.
+7
Dembele84
2018-03-13 18:16:10
bond02,ха ха ха токолдорун таштап кетсин де )))))))
0
Mamiev
2018-03-13 20:39:25
Dembele84,токолдор толтура да бизде.Байга тийгени чалга тийгени кытайга тийгени бар.Оз улутун элин оз мамлекетин ойлобогон аялдар.Кыргызга токол болсо да кытайга болбой эле койсо кана жакшы болмок
+2
plaza85
2018-03-13 17:30:03
Осмонбек Артыкбаев сиз кантип
0
bazar
2018-03-13 17:31:06
Аларды таарынып калбасын деп бир кычкачын 600 $ ала бериш керекпи?
+8
MOSKVICH
2018-03-13 17:40:16
Ай XXXX, 6миллион адам нааразы болуп жатат, канча мин адам ушул калды дебейсинби XXXX!
+5
kirgiz.....
2018-03-13 18:05:35
Озгону таарынтып алабыз дебей оз элинди, алган кредиттердин толоо убактысы келгенде кантип толойбуз ошону ойлобойсунбу.
+5
TalaCSKA
2018-03-13 18:13:43
Кытайды таарынтып алабыз деп анан эмне ЛОХ болуп журо берелиби жебеген самсыга акча толоп мээси иштеген немеби Артыкбаев???!!!
+4
Dembele84
2018-03-13 18:19:58
Таарынса таарынбаса да камаш керек Артыкбаевди,анда эки эсе кымбаттатып сатыптыр да биздин лохторго боло берет деп.Кымбат алып и жегенин сатып койот деп актанып жатат ХХХХ
+4
aitowa11
2018-03-13 18:23:28
Оздорунун жеринде 1жарым млн.долларга эле соонун копуро салып коюшат ещё айнектен кыргызстанга келишсе 386млн.долларга эч нерсени жарытылуу бутурушпойт анткени биздин чондорду, мамлекеттин алсыздыгын билишетта. Кана
0
korea
2018-03-13 19:05:19
Артыкбаев коркуп ушул созду айтып атат. Ушундай десем ишти токтотуп коюшат,деп. Буларга ишенип болбойт карга-карганын козун чукубайт...!!!
+1
ruslanz
2018-03-13 19:14:44
Элди ушунчалык келесоо корушобу,тэц те чон акчалар желгени даана эле корунуп турбайбы. Президенттин ушундайларды камаганга эрки жетсе экен, анткени жегичтер мурунку презид-тин кадрлары.
0
jbolotov
2018-03-13 19:50:09
Сен ушул проеке катышканына сыймыктанбай эле кой, элдин ырысын, мекенди ойлобогон эл душмандары силерсинер. Сен биринчи жооп беришин керек, озгочо чон коррупция , чыккынчылык боюнча кетишин керек.
+6
muslim87
2018-03-13 20:41:18
Кытайдын таарынганынан коркпогула акыретте жооп бериштен корккула, кыргыз элинин каргышынан корккула. Кыштын кычыраган ызгаарында канча деген адамдарды суука калтырдыңар.
+2
alemdar1988
2018-03-13 21:03:04
Ошол акчаны жегенде ойлонбодунарбы кыргыз эле таарынып калат деп,эми кытай таарынып калышы мумкун деп кооптонуп жаткан бечара!
0
amirrus
2018-03-14 10:34:57
Жаман тамагыныздан бар нерсе отуп калган но дейм депутат мырза,кооптонгонунузга караганда.Эгер жеген болсонуз кусасыз али,же эми качасыз,ал эле эмес камалышыныз да толук мумкун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан