SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бүгүн тизмеге жаңыдан кошулган чыгарма - Дайыр Исмадияровдун аткаруусундагы "Кош бол, сүйгөнүм". Клиптин режиссёру Нурсултан Кубатовдун айтымында, клиптин сценарийи Дайыр Исмадияров экөөнө таандык.
"Ырга кандай клип тартсак деп ойлонуп, бул сценарийди Дайыр экөөбүз чогуу иштеп чыкканбыз. Клип Бишкек шаарында 3 күндүн ичинде тартылып бүттү. Ага катышкан кыздарды социалдык тармактан кастинг жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен тандаганбыз. Колдон келишинче жөнөкөй кыздарды табууга аракет кылдык. Бирок алардын актёрлук тажрыйбасы жок болгондуктан, иштешүү бир топ эле оор болду. Катуу урушуп, таарынтып албайын деген ойдо "дагы бир жолу аткарсаң, анан бүттү" деп акырын гана айтып жаттым", - деди ал.
31-ЯНВАРДАН 7-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Бул аптада Аида Маканбаеванын "Өмүрлөшүмө" чыгармасы эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунда - Ырчы Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Жүрөгүм" видеокомпозициясы.
8-орун - Назми Байзакованын аткаруусундагы "Манас" ыры мурунку жумадагы көрсөткүчтөн 2 тепкичке төмөндөгөн.
7-орунду - Айдана Деканын аткаруусундагы "Эргүү" чыгармасы ээлеген.
6-орун - Асел Кадыбекованын аткаруусундагы "Жаныңда болсом дейм" чыгармасы өткөн аптадагы көрсөткүчтөн 3 тепкичке төмөндөгөн.
5-орунга - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Ак чардак" чыгармасы ээ болгон.
4-орун - Самат Эркинбековдун аткаруусундагы "Жетемин баарына" видеокомпозициясы мурунку жумадагы көрсөткүчтөн 1 тепкичке жогорулаган.
3-орун - Данияр Эрматовдун "Апамдын болчу келини" чыгармасы 3-орунга ээ болгон.
2-орун - Мурунку аптанын жеңүүчүсү аталган Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы бул ирет 2-орунда.
1-орун - Ал эми өткөн аптада жаңыдан тизмеге кошулган Аваз Акимовдун "Бийчи кыз" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталган.
Өзүңүз жактырган чыгарма үчүн добуш берүүнү кааласаңыз, бул шилтемеге баш багыңыз.