Өзбекстанда денесинен 16 ийне табылып, операция жолу менен 13 ийне алынган 11 айлык Азизбектин ден соолугу жакшырып баштады. Бул тууралуу Ташкенттеги балдар хирургиясы борборунун профессору Хабибулла Акиловдун билдирүүсүнө таянып чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка караганда, баланын ден соолугу операция жасалгандан 20 күндөн кийин турукташып, уйкусу да жакшы болуп калган. Ал көзүн ачып, атын айтып чакыргандарды карап жатат.
"Азизбектин абалы алгач келгенде аябай оор болчу. Азыр анын абалы жакшырды, жакшы уктап, жасалма дем алдыруучу аппарат ага дээрлик керек болбой калды", - деген дарыгер.
Учурда баланын денесинде дагы 3 ийне бар. Дарыгерлер алар ымыркайдын өмүрүнө коркунуч жаратпай турганын, азыр калган 3 ийнени алуу үчүн операция жасоо кооптуу экенин айтышкан. Ошондой эле бала жакынкы аралыкта үйүнө чыгарылып, дарылануу үйдөн улантыларын белгилешкен. Жергиликтүү милиция азырынча ымыркайга мындай мамиле жасаган адамды таба электиги жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, январь айында Өзбекстандын Фергана облусунун дарыгерлери оор абалда келген баланын денесинде 16 ийне бар экенин аныкташкан. Ага тез арада операция жасалып, 13 ийне алынган. Дарыгерлер бала денесиндеги ийнелер менен 1 айдан ашык убакыт жашаганын айтышкан. Баланын атасы Орусияда иштегендиги, апасы убактылуу өзүнүн ата-энесинин үйүндө жашагандыгы белгилүү болгон. Баланын апасы ымыркайды дээрлик кароосуз калтырбагандыгын айткан. Азизбектин абалы оорлошуп жатканда келин аны элдик дарыгерге алып барганы, туугандары ооруканага алып барыш керек деп кеңеш бергени маалымдалган.