Кыргыз өлкөсүнүн жашоочулары мобилдик капчыкка "макул"

aoс.kg сайтында “Уюлдук операторлор электрондук капчык кызматын көрсөтүшү керекпи?” деген суроо добушка коюлуп, жыйынтыгы таң каларлык болду. Добуш берген 105 миңдей жарандын 93 миңге жакыны мобилдик акча которууларга “Макул” деп добуш берди.

Уюлдук операторлор менен Улуттук банктын ортосундагы: мобилдик эсептен толуктоо мүмкүнчүлүгү бар электрондук капчык болушу керекпи деген талашта башынан эле Улуттук банктын демилгеси колдоо табат деген күмөн саноолор болгон. 12-январда эле Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 “Электрондук акчаны пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоору кайрадан коомдук талкууга коюлган. Буга ылайык, абоненттин жеке эсебинен электрондук капчыкты толуктоого тыюу салынмак. Бирок коомчулук бул идеяны колдогон жок.

Майда-чүйдө сатып алууларды жана башка кызмат акыларды смартфон аркылуу төлөө – бүгүнкү күндүн зарылчылыгы. Бүт дүйнө жүзү ушул багытта бара жатат жана бизде, Кыргыз өлкөсүндө да өнүгүүгө каршы багытта кетүүгө эч кандай себеп жок. Электрондук төлөмдөр – санариптик дүйнөнүн ажырагыс чындыгы. Эгер биз прогрессивдүү технологиянын агымында болобуз десек, анда мобилдик капчыктан эч кайда качып кутула албайбыз.

Бүгүнкү күндө банктардын инфраструктураны кууп жетүүгө мүмкүнчүлүгү аз. Банк секторунун республика боюнча 2500дөн бир аз ашык эсепти толтуруу түйүндөрү бар. Ал эми уюлдук операторлордун мындай түйүндөрүнүн саны 25 миңди түзөт. Бир дагы инвестиция бул эсепти толуктай албайт жана электрондук төлөмдөрдү уюлдук операторлордун катышуусу жок мобилдик банкинг сыяктуу ийкемдүү кызмат көрсөтүү сунуштай албайт. Эгер банк сектору бул суроодо уюлдук операторлор менен жарышууну максат кылбай турганын эсепке алсак, анда мобилдик капчыктардын келечеги ачык-айкын көрүнүп калат.

Абоненттердин саны канчалык көп экенин саноо оорчулук жаратат, анткени биздин өлкөдө 6 миллион калк болсо, алар алган сим-карталардын саны 7 миллион. Балким, смартфону жок адамдар деле болсо керек – элден алыс, жалгыз жашагысы келгендер. Ошондой болгон күндө деле аларды банктык акча которуулар кызыктырары күмөн жаратат.

Жыйынтыгы белгилүү болуп турса да, aoс.kg сайтында азыр деле добуш берүүгө мүмкүн. Улуттук банктын мобилдик эсептен толуктоо системасынын коркунучтары тууралуу келтирген аргументтери уюлдук операторлор тарабынан жокко чыгарылды. Албетте, уюлдук операторлор кандай суроо болбосун жооп берүүгө, эң жогорку деңгээлдеги коопсуздукту камсыз кылууга жана банктар менен иштешүүгө толугу менен даяр. Уюлдук операторлор жана банктар электрондук төлөм кызматы боюнча бирге иштешүүгө аргасыз. Банк секторуна бул пайда гана алып келет, анткени алар жаңы аудитория менен камсыз болушат. Мобилдик төлөмдөрдүн өнүгүүсү эсеп ачуу үчүн атайын бөлүмдөргө паспорту менен келе элек жарандар арасында суроо-талапка ээ кызмат болот. Негизинен ал адам баары бир банктын кардары болуп калат, анткени системадагы бардык транзакцияларды банк сектору ишке ашырат. Банктар өздөрүнө эмне пайда экенин сезүүгө, түшүнүүгө жана баалоого тийиш.

Андыктан шектенүүгө себеп жок – Кыргыз өлкөсүндө уюлдук операторлордун электрондук капчыктары өнүгүүнүн үстүндө болот. Улуттук банк үчүн азыр эң маанилүүсү – реалдуулукту кабыл алып, уюлдук операторлор менен эки тарапка тең пайдалуу кызматташтык боюнча келишимге келүү. Бул кызматташуу айрыкча бардык мекендештер үчүн пайдалуу болорун унутпасак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Adiletia
2018-02-08 17:18:49
Мен макул деп добуш бергем. Президенттик шайлоону ушундай смс менен кылса жээнбеков өтпөй калмак экенда
+3
Isco23
2018-02-08 17:22:16
Adiletia,отот эле билайн мн мегаком добуштарды кап кап кылып берет эле да мэ деп
-5
Pandora
2018-02-08 17:35:14
Adiletia,Жээнбековдон башкасын бассан кнопкан иштебей тура бермекда
+12
Medinaa
2018-02-08 17:24:44
Мер макул деп добуш бердим,жана көптөн бери колдоном.Ыңгайлуу!
+7
Abdyrashit.Satylganov
2018-02-08 17:31:01
Улуттук банк өзүнүн кызыкчылыгы үчүн күрөшүп жатат.. Менин оюумча О. Деньги! Мегапай электрондук капчыктар ишке киргенден баштап, коомчулукка пайдасы зор болууда.. Албетте эсепти коргоо жетиштүү деңгээлде эмес. Бирок булардын аракети келечектен көптү үмүттөнүрөт
+5
altynbek_canto
2018-02-08 17:32:12
Ушуга мен түшүнсөм өлөйүн
+9
keba300989
2018-02-08 17:33:31
Арбир адам кол телефондон паспортунун ИНН номерин жазып президенттик шайлоо, депутаттарды шайлоодо ушундай жол менен откорсо, эң таза шайлоо отмок дүйнө эли таң калмак. эх айтайын десен арман көп
+7
tular
2018-02-08 18:22:35
Эн негизгиси комиссиясыз болуп жатпайбы!!! Улуттук банк болсо комиссиясыз калып ошон учун ар кандай шылтоо менен каршы да. Улуттук банк опиймди закондоштуруп пайда таба берсин эми...
+5
BekAmir
2018-02-08 18:45:44
Ото ынгайлуу,убакытты уномдойт. Мен дайым колдоном
+2
Дарыгер
2018-02-09 11:26:01
Ар Бир уюлдук байланыш тармагы, коопсуздукту кантип сактайт. Биринчиден антивирустук пакеттери болуш керек. Телефонду текшерип вирустарды тазалап турбаса хакерлер акчаны оной эле чыгарып кетишет. 2). Камсыздандыруу керек, албетте абонентердин эсебинен эмес. Кызматы корсотуучулор Буга кызыкдар болуш керек. Анткени уюлдук байланыш тармагы кир
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан