Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, ИИМдин Күзөт башкармалыгынын мурдагы башчысы Талантбек Исаев жана парапсихолог Мелис Карыбеков жолуккан кафеден табылган диктофон боюнча материалдар Бишкек шаардык прокуратурага жиберилди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Окуя 7-февраль күнү Бишкектеги "Обама" деген кафеде болгон. Алар түшкү тамактануу учурунда сүйлөшүп отуруп, столдун астынан алардын сүйлөшүүсү жаздырылып жаткан диктофонду таап алышкан.
ИИМдин маалыматы боюнча, диктофонду аталган кафеде иштеген официант койгон. "Ал диктофонду чала таанышы бергенин айткан. Прокуратура берилген материалдарды карап чыгып, диктофон ким тарабынан жана эмне максатта коюлганына баа берет", - деп билдиришти.