Өткөн жылы Мьянмадагы кырдаалга байланыштуу жылдырылган Кыргыз-Мьянма беттеши Түштүк Кореяда өтөт

Жылдырылган Кыргыз-Мьянма беттеши Түштүк Кореяда өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына футбол федерациясынан билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 12-февралда Азия футбол конфедерациясы Кыргыз-Мьянма беттеши 22-мартта Түштүк Кореянын Инчхон шаарындагы "Инчхон" стадионунда өтө турганын белгилеген. Федерациянын маалымат катчысы "Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы 2 курама команданын чыгымдарын төлөй турган болду", - деп айтты.

Эскерте кетсек, 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында, өткөн жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында өтмөкчү болгон Кыргыз-Мьянма беттеши токтотулуп калган. Буга ошол учурда Мьянмада орун алып жаткан мусулман-рохинджаларга байланыштуу кырдаал себеп болгон. Бул өткөрүлбөй калган беттешке жооптук оюн катары Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын 4-турунун алкагында Мьянма-Кыргыз беттеши 10-октябрда Мьянманын Янгон шаарында өтүп, 2:2 тең эсебинде аяктаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
jonokoi.bala
2018-02-12 21:01:05
Бир гана жеңиш керек, башка нерсенин кереги жок!
Алга Кыргызстан!
Алга Ак Шумкарлар!
+3
TalaCSKA
2018-02-12 21:06:54
Ооо Туштук Корея болгону жакшы.Кылычбек Султанов колдоо жагын жакшы организовать этип берет деп ишенем!
-3
pat12
2018-02-12 21:29:05
Футбол - бул дин эмес. Футбол - бул спорт. Футболду диний коз караш менен коруу туура эмес. Бизде ислам диний фанатизмди туп тамырынан жок кылыш керек. Ошондо бизге чет элдик коноктор коркпой келип ойношот. Бугунку корунуш жакшы эмес. Биздикилерге ийгилик.
-3
Isco23
2018-02-12 23:08:48
pat12,эн туура
-3
Zhoodarbek-myrza
2018-02-12 21:35:40
Кыргызстанда откорсо болбойбу чыгым кыла бербей.
0
adjo_krsu
2018-02-12 21:41:40
Ак Шумкарларга куч-кубат каалайбыз! Эгер былтыр жок жерден калтырылбаганда, биз куйормандар барып алга суромокпуз. Себеби оз уйундун дубалы да жардамга келет дейт эмеспи. Эмнеси болсо да эми жакшы оюн кутобуз.
0
Dembele84
2018-02-12 21:42:09
Ммм
-3
Ka2sr1
2018-02-12 21:51:03
Башка олконун мусулмандарына болушабыз деп эле жыланач баатыр болуп кереги жок. Ар бир олконун озунун ички саясаты проблемалары бар. Ансыз деле озубуздун ички проблемалар коп. Мусулманбыз деп кооз суйлоп коюп, озубуздо деле ички душмандар толтура. Эртен эле бироо улуттар аралык жанжал чыгарып туруп, мусулмандар кырылып жатабыз деп бизди башка элге жаман коргозуп коюшат. Ош окуясы мисал. Динди саясатка, спортко аралаштырбасак. Фанатизм - чон кырсык.
-4
MAN-CITY
2018-02-12 23:47:55
Кыргызстанга келгенге коркуп жатабы мянмалыктар бизде ненависть жок башка диндегилерге
0
TalaCSKA
2018-02-13 03:32:10
MAN-CITY,коркпой эле келишкен биздин бийлик ашынган дин фанатиктеринен коркуп жылдырып койушкан.
+2
MAN-CITY
2018-02-13 09:29:38
TalaCSKA,динии фанатиктер деле жок бизде бийликтегилер оздору паника кыла беришет
0
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-13 08:26:29
Башка адам калбай калгансып ушуларга туш келгенибиз жаман болду
0
Ulan2601
2018-02-13 11:21:55
Закрытый матч кылса болот эле го коруучулор жок! Сапар Исаков озу толосун анда!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан