Азия Кубогу: БАЭ-Кыргыз беттеши боло турган стадионго 49 миң 500 көрүүчү батат (сүрөт)

Эртең, 21-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун алкагында Бириккен Араб Эмираттары менен беттешет. Оюн Эмираттын Абу-Даби шаарындагы "Зайед спорт сити" стадионунда өтөт.

Аталган стадион 1979-жылы салынып Бириккен Араб Эмираттарынын биринчи президенти шейх Зайед ибн Султандын атынан коюлган. Бул стадиондо өткөн ири мелдештердин бири 2003-жылдагы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу болгон. Анда "Зайед спорт сити" стадионунда мелдештин ачылыш жана жабылыш аземдери өткөн. Ошондой эле клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун беттештери өтүп турат. Стадион 49 миң 500 көрүүчүнү батырат.

БАЭ-Кыргыз беттеши 21-январда орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.

Кыргыз футболчулары тайпалык баскычта Кытай курама командасына 1:2 эсебинде жана Түштүк Кореяга 0:1 эсебинде жеңилип калган. 3-турда Кыргыз курамасы Филиппин курама командасына каршы чыгып, 3:1 эсебинде утуп алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
monster_high_98
2019-01-20 19:11:26
"Жогорудагылар" уялбай коруп отурасынарбы оюндарды? Ийгилик каалап женгиле дегенинердечи!!!
Балким биздин стадион жонундо да ойлоноорсунар??
+11
bekmaral
2019-01-20 20:49:16
monster_high_98,Бети жоктор булар только уурдаганды билишет.
+6
Osh3015
2019-01-20 19:26:37
Эртеңки боло турган оюнда .Ак шумкарларга ийгилик.Качан бизде ушундай заманбап стадион салынат, бир да стадион Кыргызстанда талапка жооп бербейт!!!
+12
TalaCSKA
2019-01-20 19:56:41
Чисто футбольный стадион например Стемфорд Бридж же ВЭБ арендадай стадион салып беришсе э бизге
+4
Skarlett-Skarlett
2019-01-20 21:19:30
Кыргызстандын эч бир жерлери заманга ылайык эмес.Спорт ордо,филармония,эски мектептер деги койчу эски имараттар.Жакшы дагы Ленин,Сталин аталарыбыз ушул Союзду ойлоп чыгып кичине адам болуптурбуз.
+4
kechirmeni
2019-01-21 09:09:09
Skarlett-Skarlett,Жогоруда айтып жаткан имараттар элибиздин чыгаан, патриот уулу Султан Ибраимовдун демилгеси менен курулган, азыркы заманда 120нын жуздогон чиновниктердин ордунда бир эле Султан Ибраимов болгондо мекенибиз да башка онуккон олколордой болуп онугуп кетет эле
+2
Erlanbek09-
2019-01-21 00:00:43
Алга Кыргызстан . [moderated]дан трансляция кылып коргозом оюнду
0
jike
2019-01-21 07:55:44
Алар 1979-жылы эле салып коюптурго стадионду. А бизде 2019 болсода мындай стадион жок.
0
Karasuu27
2019-01-21 08:45:40
Ак шумкарларга акжолтой стадион болуп утуп алалы оомиин!!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан