ЖЫЛНААМА, 14-ФЕВРАЛЬ: "Жыл сайын туулган күнүмдө күтүүсүз отуруш уюштура калчубуз, быйыл эч кандай планым жок" дейт ырчы Өктөм Сапар уулу

Бүгүн, 14-февралда ырчы Өктөм Сапар уулу 36 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктоо үчүн байланышка чыкканда, 5 күн мурун Таиланддан келгенин айтып, туулган күнүн белгилөөгө эч кандай пландары жок экенин билдирди.

"Таиланддан келгениме 5 күн болду. Ал жакта досторум менен биргеликте эс алып келдик. Бир эле шаарды көрбөстөн 3 шаар, 5-6 аралга барууга үлгүрдүк. Аталган өлкөдөн келгенден бери суукка көнө албай кыйналып жатам. Ал эми туулган күнүмө эч кандай план койгон жокмун. Жыл сайын эле бул күнү досторум менен күтүүсүздөн отуруш уюштура койчу элек. Быйыл да ошондой болуп кетпесе, атайын белгилөөгө аракетим деле жок. Азыр студияда ыр жаздырып жатам", - дейт ырчы.

Өктөм Сапар уулу 1982-жылы 14-февралда Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. "Актриса", "Өмүр дайра" аталышындагы ырлары менен эл оозуна алынган.

14-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
RusMos76
2018-02-14 11:43:39
Акча да жок план да жок.
0
aerforce
2018-02-14 11:47:09
быйыл баарында кризис сыгылба))
0
Cleo-13
2018-02-14 11:55:33
Суюта эжеде план бардыр
+1
Aidar.001
2018-02-14 12:00:37
Жылда болгон акчалар быйыл болбой атат кобундо эле
0
Rasul94
2018-02-14 12:32:02
быйыл футбол коруп эле уйдо жат.мучол жылда туулган кун тоспойт
+1
Muzik
2018-02-14 18:53:16
Чын журоктон куттуктайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан