"Ачкачылык кармап жаткандар Дастан Сарыгуловдон ачкачылыкты токтотууну суранышты" дейт Сапар Аргынбаев

Бүгүн, 14-февралда абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын тарапташтары Ак Үйдүн алдына митингге чыгышты.

Саясий куугунтуктан коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаевдин айтымында, ачкачылык кармап жаткандар Дастан Сарыгуловдон ачкачылыкты токтотууну суранышты. "Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков Дастан Сарыгуловдон ачкачылыкты токтотууну суранып жатышат. Алар бул боюнча кат жолдогон. Анда Сарыгуловдун ден соолугу начар болгонуна байланыштуу ачкачылыкты токтотууну суранышты. Катта "Дастан ага сиз бизге керексиз" деп жазылган", - деди Аргынбаев.

Оппозициячыл Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков 30-январдан тарта абакта кургак ачкачылык кармап жатат. Алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевди кызмат ордунан кетип, мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш иши козголсун деген талаптарды коюшкан. Андан соң алардын катарына Дастан Сарыгулов кошулган.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Элдик парламенттин" мүчөлөрү боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Кылмыш-жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдануу) жана 295-беренелери (бийликти күчкө салып тартып алуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.

Эрнест Карыбеков Кылмыш-жаза кодексинин 339 (кылмышты жаап-жашыруу) жана 292-берене (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилди. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.

Ал эми Дастан Сарыгулов Кылмыш-жаза кодексинин 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Анын үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген.

7-февралда райондук соттун чечимин Бишкек шаардык сот күчүндө калтырган.

2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurgaz
2018-02-14 12:12:21
Дастан акадан сурагылачы, быйыл жаз качан келет экен.
0
jbolotov
2018-02-14 13:31:51
Беркилерин билбейбиз бирок Сарыгулов убагында 16 тонна алтын кантип Кыргызстандан чыгарылып кеткен? Ким кунолуу, жабылуу тамак жабылган бойдон билинбей кетти.
+2
Jelezo
2018-02-14 13:53:37
Президент эмнеге реакция жасабай жатат же бирөө жарымы өлүшүн күтүп жатабы анда кеч болуп калат
-2
muni.98-98
2018-02-14 22:29:12
Эми булар ачкачылык менен кимди коркуткусу келип атат тушунбойсун киши. Элди ачык эле аткандан тартынбаган бийлик ачкачылык жарыялагандан коркмок беле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан