Бүгүн, 14-февралда абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын тарапташтары Ак Үйдүн алдына митингге чыгышты.
Оппозициячыл Бектур Асановдун эжеси Жаркынай Асанова абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчыларга бийликтегилер көңүл бурбай жатканын айтты. "Абакта ачкачылык кармап жаткандардын абалы оор. Алар чындык, акыйкаттык үчүн өлүп калсак деле мейли деп ачкачылык кармап жатышат. Буга бир дагы бийлик адамдары көңүл бурбай жатат. Үмүтүбүз Жогорку Кеңеште. Ушул маселени карап берет деген үмүттөбүз", - деди Жаркынай Асанова.
Оппозициячыл Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков 30-январдан тарта абакта кургак ачкачылык кармап жатат. Алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевди кызмат ордунан кетип, мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш иши козголсун деген талаптарды коюшкан.
Белгилей кетсек, өткөн жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Элдик парламенттин" мүчөлөрү боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Кылмыш-жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдануу) жана 295-беренелери (бийликти күчкө салып тартып алуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.
Эрнест Карыбеков Кылмыш-жаза кодексинин 339 (кылмышты жаап-жашыруу) жана 292-берене (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилди. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.
Ал эми Дастан Сарыгулов Кылмыш-жаза кодексинин 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Анын үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген.
7-февралда райондук соттун чечимин Бишкек шаардык сот күчүндө калтырган.
2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган.