Бишкекте кудуктун ичинен белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Достоевский көчөсүндөгү кудуктун ичинен жансыз дене табылганы тууралуу маалымат 13-февралдан 14-февралга караган түнү саат 01:39да келип түшкөн.
"Ал жерге куткаруучулар барышып, жансыз денени милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМдан.
Ал эми Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы учурда маркумдун аты-жөнү такталып жатканын билдиришти.