Корей сериалдарынын карт сүйүүчүсү болсоңуз, анда Пак Шин Хйени тээ 15 жыл мурдагы “Бейишке карай тепкич” дорамасынан тарта билесиз. Гу Чжун Пёнун доорунан кийинкилерден болсоңуз, анда туулган күн ээсин 2013-жылы чыккан “Мураскерлерден” жазбай тааныйсыз.
Актриса, ырчы жана модель Пак Шин Хйе 1990-жылы туулган. 6-класста окуп жаткан кезинде клипке тартылып, андан ары атактуулукка карай жолу башталган. Адегенде ырчы болуп чыгууга даярдык көрүүгө киришет. Бирок 2003-жылы “Бейишке карай тепкич” сериалында башкы каармандын балалык кезин ойноп, андагы ролу аркылуу эл оозуна алынып, режиссёрлордон дагы башка тасма жана сериалдарга чакыруу ала баштаган.
Ал эми атактуулук алып келген дорама “Сен сулуусуң” (2009-жыл) болгон. Анда ал белгилүү корей ырчы жана актёру Жан Гын Сок менен баш каармандардын биринин ролун жараткан.
Актриса сериалдарда дээрлик бардык учурда көз күйдүргөн келишимдүү актёрлор менен баш каармандардын биринин ролун аткарат. Мунун айынан алардын күйөрмандары кумирин кызганышып, кемчилик табууга аракет кылышат. Көбүнесе Пак Шин Хйе өбүшө албаганы үчүн сынга алынчу. “Эмнеге көзүн жумбайт? Эмне үчүн такай таң калгандай көзүн чекчейтип алат?” дал ушундай комментарийлер ага карата көп жаап турчу. Ли Мин Хо менен чогуу тартылган "Мураскерлерде" да ушул эле окуя кайталанган.
Пак Шин Хйенин олуттуу ойноосу “Пиноккиодон” (2014-жыл) башталган. Дал ушул "Пиноккиодон" баштап, жогорудагы сындар акырындык менен жоголууда. Баса, актриса өзүн сулуу деп эсептебейт жана пластикалык операция жасата турган болсо, анда ринопластика кылгысы келгенин айткан. "Жалпак мурунду оңдомокмун. Бирок мындай мурун менде гана бар деп ойлойм", - деген ал.
Пак Шин Хйенин дагы бир кемчилиги - бул анын окшош ролдорду тандап алгандыгы. Бирок аны өзү да туура кабыл алып, мындай сындарга "демек, мен ошондой ролдорду жакшы ойной алат экенмин" деп жооп берип келет. 2016-жылы чыккан “Врачтар” сериалы бир аз да болсо, анын баналдуу ролдоруна өзгөчөлүк киргизген. Бул сериалда Пак Шин Хйе “Бейишке карай тепкич” дорамасында чогуу ойногон Бэк Соң Хён менен кайрадан тасма талаасында бирге роль жаратышкан.
Ал эми өзгөчөлүгү "Врачтар" сериалында мушташ сценалары бар экенинде жана аны өзү аткарганында.
Пак Шин Хйе тандаган долбоорлор такай ийгилик жаратат. Атүгүл айрымдарынан ийгилик күтпөө мыйзам ченемдүү экенин түшүнсө да, кийинчерээк баары бир рейтинг жараткан болуп чыгарын билдирет. Тасмалардын ичинен “№7 камерадагы керемет” кирешелүү болгон. 2013-жылы чыккан бул фильм 52 күн ичинде сатылган билеттердин саны боюнча корей кинолорунун тарыхындагы рейтингде 3-орунга чыккан.
Соңку жаңылыктарына келсек, Пак Шин Хйе жаңы сериалга тартылууга чакыруу алган. Азырынча макулдугун бере элек. Айтмакчы, ушул эле дорамада анын өнөктөшү болуп Хён Бин роль ойношу мүмкүн.
18-февралдын жылнаамасы.