Казакстандын Башкы прокуратурасы Жогорку Кеңештин депутаты чек арадагы контрабанда боюнча кармалганын билдирди (видео)

Казакстандын Башкы прокуратурасы атайын жүргүзүлгөн ири операциянын чоо-жайын айтып, кармоо учурундагы видеону расмий сайтына жарыялашты.

Маалыматтарга таянсак, Казакстанда күч органдары чек аранын аймактарында контрабанда менен алектенген кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо үчүн атайын ири операция жүргүзүшкөн.

"Анын жүрүшүндө Казак-Кытай, Казак-Кыргыз жана Казак-Өзбек бажы постторунда товарлардын контрабандасынын туруктуу схемалары аныкталды. Товарлар Орусиянын жана Казакстандын ири шаарларына жеткирилип жаткан. Операцияда жалпысынан кармалган 35 адамдын арасында бажы, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ортомчулар, кылмыш дүйнөсүнүн уюшкан топтору, брокерлер бар", - деп айтылат видеодо.

Айта кетсек, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарында атайын операция жүргүзүлүп, анын негизинде 29 шектүү адам кармалган. Алардын арасында 3 Кыргыз жараны бар экени жана анын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экени белгилүү болгон. Кечээ, 18-февралда Алматы шаардык соту кармалгандардын баш коргоо чарасын карап, кармалгандарды эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Казакстанда ЖК депутаты кармалган операциянын видеосу чыкты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Bek_L
2018-02-19 15:08:50
Эх! Не деген шермендечилик. Баяман, Раатбек сыяктуу азаматтар болсо кана. Ошол жактан жазасын бергиле, бизге кайтарсанар эртен жумушка чыгат.
+20
nurbekasr
2018-02-19 15:28:59
Саяк жүрсөң таяк жейсин.Көп баскан аяк бок басат.Эми эмне дейбиз закондон тыш иш кылса жазасын алсын.
+9
Too-tash
2018-02-19 15:37:13
Мен бул бийликке ууру-каракчылар, контрабандисттер чогулуп алган деп айтып эле келемин. Ошонун бир далили былтыры кулаган самолеттогу онтрабандалык жук болсо, дагы бир далили бул окуя...

Президенттен тарта депутат, министр, сотторуна чейин баары чекеден ууру-каракчы... Уят эле, мындай бийликке чыдап жашагыча, бул бийликти кочукко тээп кууп чыгуу керек.....
+8
edua
2018-02-19 15:44:26
Жазасын башы менен тартсын мындай кенебес зокурлор.бизге бербей ошол жакта камашсын.шериктерин дагы кармап кетсин.А.Ш.А ны баш кылып. Биздин соттор буларга духу жетпейт
+6
Too-tash
2018-02-19 15:52:06
edua, туура айтасын, бизге которулса 6 ай ичинде биздикилер бошотуп жиберишет амнистияга туш келди деп жомок айтышып...

Ошол жакта соттолуп, камалып, жазасын алсын!!!
+3
DAKS
2018-02-19 17:34:37
Ырас эле кылыптыр, ит эле кылып жузуно чейин корсотсо гана.
Булар элге айткан милдетин аткарбай жогорку кенеште отуруп алышып озулорунун кызыкчылыгы учун иштеп, бизнес кылышат!
+1
Abdymanap91
2018-02-19 17:44:00
Кайсы партиядан бул депутат.бизге откозбой эле койгула кайра.ыраазыбыз,Кыргызстанда толтура буга окшогондор.
0
dosym
2018-02-19 18:30:05
Жанагы жолдошбаев деген неме уялып атат бекен а
+1
warrior96
2018-02-19 20:03:09
Дагы керек болсо жонотобуз бизде мындайлар коооп ?????
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан