ЖАМК: "Дамирбек Асылбек уулу Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү абагында жазасын өтөйт"

Казакстанда соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү абагында жазасын өтөйт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Чечим чыкты эми аларды этап менен алып кетишет. Ал эми Асылбек уулунун шериктери Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров Петровкадагы №8 түзөтүү абагында жазаларын өтөмөй болду", - деди басма сөз кызматкери.

Дамирбек Асылбек уулу өлкөгө 18-ноябрда экстрадицияланган. Ушул жылдын 24-апрелинде Алматы шаардык соту Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан. Аны “улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана жетектөө”, “экономикалык контрабанда” беренелери боюнча кылмыштарга күнөөлүү деп табышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AiperiO
2019-11-28 02:43:48
Билбейм ай, Кыргызстандык сотторго ишеним жок. алып келип, акчасын алып чыгарып жиберишет ...
0
kushu_bek
2019-11-28 11:56:54
Кыргызстанга оттубу значит ертен чыгат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан