Кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кармалышы боюнча кошумча маалыматтар белгилүү болду

Казакстанда Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кармалышы тууралуу кошумча маалыматтар белгилүү болду.

Казакстандык КТК телеканалы даярдаган репортажда аткезчилик боюнча айыпталып кармалган жарандардын сурак бергени көрсөтүлүүдө.

"Кылмыш дүйнөсүнүн авторитеттери чек арада көзөмөлдү өз карамагына алышкан. Аларга мыйзамдар, эрежелер, эл аралык келишимдер эч кандай күчкө ээ эмес. Авторитеттер ишкерлерге "салык" салып миллиондогон акча таап жатышкан", - деп маалымдалат репортажда.

Ал эми Дамирбек Асылбек уулу тууралуу айтылып жатып, ал аткезчилик менен алектенген кылмыш тобун жетектегени кабарланууда. "Кыргыз депутаты Алматыдагы ресторанда Бишкектен келген досу, жеке ишкер Уланбек Мурадилов менен отурган жеринен кармалган. Мурадиловду кармоо учурунда барсеткасынан атайын белги коюлган 92 миң доллар табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, бул акчаны ал жеке ишкерден аткезчилик жол менен товарды өткөрүп бергени үчүн алган. Алар менен чогуу казакстандык чек арачы отурган. Кыргыз депутаты жергиликтүү чек арачылар аркылуу каалаганын чек арадан өткөрүп келген", - дейт журналист.

Мындан тышкары репортажда Дамирбек Асылбек уулу Казак жарандыгын алып, туулган жерин өзгөрткөнү айтылууда. Ошондой эле анын аялы эки өлкөнүн жарандыгына ээ болгону айтылат.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Казакстанда Кыргыз депутатынын кармалышы боюнча жаңы маалыматтар
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Samina007
2018-02-27 01:39:54
Ушулардын айынан кыргыз товарлары дүйнөгө экспорт импорт болбой жаткан.
+22
aitenir
2018-02-27 01:50:57
Алматыда пок барбы
+13
TazaKyrgyz
2018-02-27 10:40:52
aitenir,Алматыда доллар бар доллар
+9
bond02
2018-02-27 02:02:11
бутпос дастан болду го.
+6
Freemankg
2018-02-27 02:04:54
Кыргыздын намысын коргоп жургондун ордуна , мына минтип болуп калыпсынар.
-4
Freemankg
2018-02-27 02:27:25
Эки пил согушса, чымын олот деген - ушул да.
-12
Kojo1995
2018-02-27 09:04:08
Freemankg, ошондо сенин оюң боюнча дамирбек чымында ээ
+9
Freemankg
2018-02-27 09:59:15
Kojo199 Кожа сен кандай ойлосон , ошондой болсун.
-6
Agayu
2018-02-27 06:00:22
Качан бизде кучтуу бийлик болот ? Бирок болбойт окшойт деген тыянака таянып жашап журом , жакшы да Нефть,Газ чыкпайт .Алар чыкканда биздин бийлик кырылышып онукпой , тескерисинче ар бирибиз тероррист болуп кетмекпис .Жок байлыкка ушунча тероррист болуп журобуз башка сасыган саясаттыбызды айтпайлы .
+10
aitowa11
2018-02-27 08:16:57
Кайсы бир депутат айттылего сотко чейин Кыргызстанга алдырышыбыз керек деп баары эле кыргыздарбыле кызыл килемден откоруп узатып койгон. Кунолуу болсо жазасын ошол жактан алсын! Кыргыздар жазалай албайт! Казакстандын да жарандыгы бар экен канча жыл иштеген болсо парламенте алган айлыгын мамлекетке кайтарсын!!!
+11
rysik79
2018-02-27 09:15:04
Баягы эле напси да. 90 мин доллар пара менен кармалыптыр эми онбойт байкуш динарбекпи дамирбекпи жогорку кенешин да эчнерсе кыла албайт.
+11
Baiana
2018-02-27 09:19:16
Жазасын алса ошол казактардан ала берсин, биздикилер жазалай албайт дагы, камай албайт дагы...сүттөн ак кылып бошотуп жиберишет.
+12
RNA78
2018-02-27 09:49:46
Baiana, Кыргызстанда болгондо ооруп ооруканага жатып алмак да.
+12
gulum90
2018-02-27 10:24:33
RNA78,точна ! )))

+6
aydinnur
2018-02-27 10:07:59
Чёрт возьми, бүтпөс дастан болду го...
+2
33SUUN
2018-02-27 10:28:27
aydinnur,коё турсан шашпай.Эми башталганда.
+5
urmat-77
2018-02-27 10:23:15
Элдин эсебинен алган айлыгын кайтарып алыш биздин 190койдун колунан келеттир.Аны соттош го колдорунан келбейт.А казактар биздин койлор бир колго түшкөн койду кайтарып бергиле дегенге БИР ЖЕРИН койуп койот.Себеби тоготпойт,анткени алар эли үчүн иштешет.Биздин 120койубуз бир адам анан өзү үчүн өлүп беришет.
+5
karakulja
2018-02-27 12:54:26
Аллах баарына ынсап, сабыр берсин!
+2
urmat-77
2018-02-27 13:49:34
Партиянын лидери ишенбейм деп айтыптыр.Казактар дагы канча далил бериш керек.Алар өз элинин алдында уялып иштеп жатышат.Биздин Кыргызстан партиясынын лидеринин жообу КӨЗ КӨРГӨНДҮ К.Т БЕРГЕН ЖЕҢИПТИР дегендей болуп калыптыр.
+3
jbolotov
2018-02-27 15:24:40
Мыйзам чыгарам деген депутатын озу чек арада махинация кылып журсо жонокой эл колунан келгенин кылыш керек экенда.
+1
kaniulia
2018-02-27 22:32:38
Бул жагы мындай болуп жатса анан кантип Кыргызстан онолот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан