"Супер хитке" Ильяс Кудретовдун "Өмүр, ай" чыгармасы кошулду. "Клип тартууда аба ырайы кыйынчылык жаратты" дейт ырчы

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилген чыгарманын ордун Ильяс Кудретовдун аткаруусундагы "Өмүр, ай" чыгармасы толуктады.

"Бул ырдын клибин декабрь айында тарткандыктан аба ырайынын сууктугунан абдан кыйналдык. Тартуу учурунда үшүп, машинага кирип жылынып жаттык. Биз жылынып, ишке кирише баштаганда камералар иштебей калып, бир топ эле кыйынчылык жаратты. Бирок клипке жалаң гана тажрыйбалуу актёрлор катышкандыктан, тартуу иштери тез эле соңуна чыкты", - дейт ырчы.

14-ФЕВРАЛДАН 21-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Ырчы Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Жүрөгүм" видеокомпозициясы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орун - Аваз Акимовдун "Бийчи кыз" чыгармасы өткөн жумадагы жыйынтыктан 4 тепкичке төмөндөгөн.

8-орунду - Самат Эркинбековдун аткаруусундагы "Жетемин баарына" видеокомпозициясы ээлеген.

7-орунда - Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Жаныңда болсом дейм" чыгармасы.

6-орун - Мурунку аптада жаңыдан тизмеге кошулган Автандилдин "Баратам жолдо мына" чыгармасы 6-орунга ээледи.

5-орун - Айдана Деканын аткаруусундагы "Эргүү" чыгармасы өткөн аптадагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 4 тепкичке жогорулаган.

4-орунга - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Ак чардак" чыгармасы ээ болду.

3-орун - Мурунку жумада жеңүүчү деп табылган Дайыр Исмадияровдун "Кош бол, сүйгөнүм" чыгармасы бул ирет алдыңкы үчтүккө кирди.

2-орун - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы 2-орунга татыктуу болду.

1-орунда - Данияр Эрматовдун "Апамдын болчу келини" чыгармасы жайгашып, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүүнү кааласаңыз, бул шилтемеге баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ozgon_sity
2018-02-21 11:42:46
Өмүр ай ыры абдан керемет! Уккулуктуу!!!
+6
mentol
2018-02-21 12:24:39
Мыкты клип, мыкты ыр, мыкты адам, токтоо инсан, сыйлайм...
+3
Supsuluu
2018-02-21 14:10:08
Сонун ыр, сонун клип болуптур...
+2
daring_girl
2018-02-21 20:13:53
жакшы ырдаган.............................

.........................клиби да сонун☆☆♡♡♡☆☆☆☆
+1
Begim94
2018-02-21 22:00:32
Клип укмуш ыйладымго чиркин
0
ayana16
2018-02-22 01:39:38
Мен клипке тушунбодум анча баягы боюнда бар апасыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан