Чүйдө жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен 28 жаштагы айдоочу кармалды

Чүйдө жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен 28 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"22-февралда саат 21:00дөр чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата району аркылуу өткөн "Бишкек-Нарын-Торугарт" унаа жолунун 44-чакырымында жол кырсыгы катталган. Анда азиат түспөлүндөгү 40-45 жаштардагы адамды унаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жаракат алган жөө жүргүнчү ошол жерден каза болгон.

Кийин бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп, шектүү катары Токмок шаарынын 28 жаштагы И.А. аттуу тургуну кармалды. Ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасы айып аянтчасына токтотулду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан