"Супер хитке" Урмат Усенов менен Нелянын аткаруусундагы "Бактылуу болуп жашайлы" чыгармасы кошулду. Ырчылар клипти тартуу учурунда өздөрү катышпагандыгын айтышты

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилген чыгарманын ордуна Урмат Усенов менен Нелянын аткаруусундагы "Бактылуу болуп жашайлы" чыгармасы кошулду. Ырчы Неля клип тартылып жатканда өздөрү катышпагандыктан, тартуу иштериндеги кызыктардан маалыматы жок экендигин айтты.

"Клип кышында Бишкек шаарында тартылган. Азыр режиссёрлордун талабы менен өзүбүз ырдаган жерлерди тартууга эле катышпасак, калган актёрлор тартылган эпизоддордун тартуу иштерине катышкан эмеспиз. Мындан улам, тартуудагы кызыктуу окуялар же кыйынчылык жараткан учурларды билбейм. Бирок тартылган актёрлор тажрыйбалуу инсандар болгондуктан, эч кандай деле кыйынчылык жаралбаса керек деп ойлойм", - дейт ырчы.

21-ФЕВРАЛДАН 28-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Жаныңда болсом дейм" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Самат Эркинбековдун аткаруусундагы "Жетемин баарына" видеокомпозициясы ээлеген.

8-орунга - Аваз Акимовдун "Бийчи кыз" чыгармасы ээ болгон.

7-орун - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Ак чардак" чыгармасына буюрган.

6-орун - Айдана Деканын аткаруусундагы "Эргүү" чыгармасы өткөн аптадагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 1 тепкичке төмөндөгөн.

5-орунда - Автандилдин "Баратам жолдо мына" чыгармасы орун алган.

4-орунга - Дайыр Исмадияровдун "Кош бол, сүйгөнүм" чыгармасы татыган.

3-орун - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы алдыңкы үчтүккө кирген.

2-орунда - Данияр Эрматовдун "Апамдын болчу келини" чыгармасы жайгашкан.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Ильяс Кудретовдун аткаруусундагы "Өмүр, ай" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү деп аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүүнү кааласаңыз бул шилтемеге баш багыңыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2018-02-28 11:38:31
Ильяздын ыры кучтуу,жума бою биринчи орунда туруп,бир кун калганда сразу башкасын которуп коюп жатасынар,болбойт да андай кылган!
+3
Nursultan.nurik
2018-02-28 12:47:20
Омур ай мыкты
+3
Myrzashka95
2018-02-28 13:16:11
Неля Урмат дайыма алга
0
nurzadashopokova
2018-02-28 18:14:55
жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан