Өзгөн районунун Красный-Маяк айылындагы мечитте 26-февраль күнү намаздан кийин 64 жаштагы жаран жана мурда 12 жыл имам болуп иштеген 40 жаштагы Дилмурат Ильяхунов уруша кетип, жыйынтыгында мурдагы имам бычактан жаракат алып ооруканага жаткырылган. Ал эми 64 жаштагы жаранга кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Чыр садага чогултулган сандыктагы акчалардын уурдалып жатканынан улам келип чыккан.
2-мартта күнөөлөнүп жаткан 64 жаштагы жарандын иниси SUPER.KG'ге уруштун келип чыгуусуна мурдагы имам өзү күнөөлүү деп айтып берди.
"Чыр садага чогултулган сандыктагы акчалардын уурдалып жатканынан улам келип чыккан экен. Буга чейин 5-6 жолу уурдалганынан улам агам намаз окуп бүтүп "сандыктан акча уурдалып жатат, келгиле, бата кылып коёлу" десе, "эмнеге бата кыласыңар?" деп агамды уруп, астыңкы тиштерин түшүрүп салыптыр. Ал биздин карындашыбызды алган, күйөө бала болот. Күйөө баласы ошентип уруп жатса жини келген да.
Акчанын уурдалышына аны күнөөлөй электе эле биринчи кол көтөрүп жатпайбы. Агам ал жерде иштебейт, буга чейин акча жоголгонунан улам Дилмурат агама келип "ачкыч сизде болуп турсун, жакын жашайсыз" деп таштап кетиптир. 60 жаштан өтүп калган адам мечиттен акча уурдап эмне кылат? Акча керек болсо өзүнүн балдары деле салат да", - деди айыпталып жаткан жарандын иниси.
Буга чейин SUPER.KG порталы бычактан жаракат алган Дилмурат Ильяхуновдун окуя тууралуу айткандарын уккан. Анда ал чыр садагага чогулган акчанын уурдалышына 64 жаштагы жаран аны күнөөлөгөнүнөн улам келип чыкканын билдирген. Ошондой эле ага бычак сайган адамга "бейбаштык" беренеси менен иш козголгонуна нааразы экенин айткан.
Эске салсак, Ош ОИИБи Ош облусунун Өзгөн районунда намаз учурунда жаңжал чыгып, мурдагы имам бычактан жаракат алганын кабарлаган. "Кылмышка шектелип кармалган 64 жаштагы жаран мурда да соттолгон, ага карата 234-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон", - деп билдирген Ош ОИИБинин маалымат кызматы.