Депутат айылдык кеңештердеги 30 пайыздык квотаны аялдарга берүү боюнча мыйзамды кабыл алуу керектигин айтты

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңеште улуттук аялдар форуму өтүүдө. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген жүздөн ашуун жергиликтүү кеңештин аял депутаттары, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Форумдун демилгечилеринин бири депутат Айнуру Алтыбаева президенттин жарлыгы менен 2018-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын айтып, анын алкагында айылдык кеӊештердеги аял депутаттардын санын арбытуу керектигине токтолду.

"Аял депутаттар аркылуу элет жергесиндеги коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык көйгөйлөрдү чечүү, балдар, майыптар, кары-картаӊдар сындуу калктын аярлуу катмарынын кызыкчылыгын коргоо зарыл. Биз айылдык кеңештерде 30 пайыздык квотаны аялдарга берүү боюнча мыйзамды кабыл алышыбыз керек", - деди Алтыбаева.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин айым депутаттар форумунун демилгеси менен иштелип чыккан жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдын концепциясы 2016-жылдын октябрь айында Жогорку Кеӊеш тарабынан жактырылган. Анда атайын гендердин чара катары айылдык кеӊештерде мандаттын 30 пайызын аял депутаттарга калтыруу демилгеси каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ask094
2018-03-06 14:56:46
Баарибир колунардан пок келбейт эркегин да катынын да 30 эмес 130% берсен да
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан