SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилген чыгарманын ордуна Нурлан Насиптин "Мени унут" деген композициясы кошулду. Ырчы аталган чыгарма тууралуу буларды айтып берди.
"Бул ырымдын клибин Түркияга концерттик турнеге барганда тарта келгенбиз. Бирок оңой эле тартыла калган жок. Себеби сюжетке ылайыктуу жерлерди, техникалык каражаттарды пайдаланууга уруксат ала албай убара тарттык. Мындан улам ээн жерлерден, деңиз жээгинен тартууга аргасыз болгонбуз. Ал эми клиптеги айрым учурларды мейманканадан тарттык. Ал жактын ижарасы да аябай кымбат экен. Репертуарымдагы чыгармаларымдан "Таттуу махабатым" дагы Түркиядан тартылган. Бирок анда мынчалык кыйналган эмеспиз", - дейт ырчы.
28-ФЕВРАЛДАН 7-МАРТКА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Самат Эркинбековдун аткаруусундагы "Жетемин баарына" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунда - Автандилдин "Баратам жолдо мына" чыгармасы орун алган.
8-орун - Айдана Деканын аткаруусундагы "Эргүү" чыгармасы өткөн аптадагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 1 тепкичке төмөндөгөн.
7-орунга - Дайыр Исмадияровдун "Кош бол, сүйгөнүм" аттуу чыгармасы татыган.
6-орун - Аваз Акимовдун "Бийчи кыз" видеокомпозициясы эки баскычка жогорулаган.
5-орун - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Ак чардак" чыгармасына буюрган.
4-орун - Данияр Эрматовдун "Апамдын болчу келини" чыгармасы төмөнкү позициядан орун алган.
3-орунга - Ильяс Кудретовдун аткаруусундагы "Өмүр ай" чыгармасы өткөн аптада эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү деп табылса, бул ирет үчүнчү орунга ээ болгон.
2-орунда - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн түшпөй келе жатат.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Урмат Усенов менен Нелянын аткаруусундагы "Бактылуу болуп жашайлы" чыгармасы эң көп добуш топтоп, жеңүүчү деп табылды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүүнү кааласаңыз бул шилтемеге баш багыңыз.