SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада сынактан четтетилген чыгарманын ордун Малика Динанын "Айтчы себебин" аталышындагы чыгармасы толуктады. Аталган клип борбордогу мейманканалардын биринде тартылып, ага казак актёру Еркебулан Токтар катышкан.
"Клиптин идеясы топто иштеген бардык адамдарга таандык. Еркебулан менен "Зор" тасмасынын жабык көрсөтүүсүндө таанышканбыз. Ошондо анын актёрлук чеберчилигин байкап, кийин клипке тартылып берүүсүн продюсери менен сүйлөшкөм. Анын Бишкекке келип кеткен жол акысын, тамак-ашын, жашаган жерин жана гонорарын төлөп бердик", - дейт ырчы.
7-МАРТТАН 14-МАРТКА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Дайыр Исмадияровдун "Кош бол, сүйгөнүм" аталышындагы чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орундан - Аваз Акимовдун "Бийчи кыз" видеокомпозициясы орун алган.
8-орун - Айдана Деканын аткаруусундагы "Эргүү" чыгармасы өткөн аптадагы ордун сактап калган.
7-орунга - Автандилдин "Баратам жолдо мына" чыгармасы ээ болгон.
6-орун - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Ак чардак" чыгармасына буюрган.
5-орундан - Данияр Эрматовдун "Апамдын болчу келини" чыгармасы орун алган.
4-орунга - Мурунку жумада жеңүүчү деп табылган Урмат Усенов менен Нелянын аткаруусундагы "Бактылуу болуп жашайлы" чыгармасы илинген.
3-орун - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн түшпөй келе жатат.
2-орунга - Ильяс Кудретовдун аткаруусундагы "Өмүр ай" чыгармасы татыган
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Мени унут" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү деп табылды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүүнү кааласаңыз, бул шилтемеге баш багыңыз.