Азамат Байматов: "Ильзат Ахметовдун туура эмес чечим кабыл алып алганы үчүн өкүнүп калышын каалабайм"

Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын капитаны Азамат Байматов SUPER.KG порталына Кыргыз жеринде туулган москвалык ЦСКА клубунун оюнчусу Ильзат Ахметов тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, Ахметов кыргыз курамасы үчүн ойноп, өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болушу керек.

"Ар бир футболчуда маанилүү оюндан кийин же позитивдүү, же негитивдүү эмоция пайда болот. Кечээги оюндан кийин баарыбызды жалаң гана жакшы эмоциялар каптап турду. Дал ошол эмоциялардын толкунунда социалдык тармак аркылуу Ильзат тууралуу пикиримди билдирүүнү чечип, кайрылуу жасадым.

Машыктыруучулар штабы, Футбол федерациясынын жетекчилери Ахметов менен байланышууга аракет кылып, майнап чыккан жок. Мен аны абдан жакшы түшүнүп турам. Улуу муун катары анын туура чечим кабыл алуусуна түрткү болуп, кеп-кеңештерибизди айтуу биздин милдетибиз деп билем. Бирок ал кандай чечим кабыл алса биз туура кабыл алышыбыз керек.

Кыргыз жеринде туулган адам улутунан көз карандысыз өз өлкөсүнүн керегине жараша керек деп ойлойм. Улуттук кураманы карап көргүлө, командада эч кандай улутчулдук жок. Бизде бир нече улуттардын өкүлдөрү ойнойт. Ошондуктан Ильзат өз өлкөсүн тандап, мекенинин патриоту экендигин көргөзүү менен башкаларга, жаңы өсүп келе жаткан муунга үлгү болушу керек.

Ахметов үчүн тандоо мезгили келди. Эгерде Орусия курамасынын катарында бир эле оюн өткөрсө кыргыз курама командасында ойной албай калат. Ошондуктан эки өлкөнүн бирин тандашы керек. Ал азыр жаш, болгону 21 жашта. Бирок бир топ убакыт өткөндөн кийин туура эмес чечим кабыл алганы үчүн Ильзаттын өкүнүп калышын каалабайм", - деди Байматов.

Белгилей кетсек, Азамат Байматов Азия кубогундагы Кыргыз-Филиппин беттешинен кийин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ильзат Ахметовго кайрылуу жасап, анын улуттук курамага ойноого чакырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Abdizhapar
2019-01-18 16:28:35
Акча чечет да бардыгын
+3
almanbetperm
2019-01-18 16:40:52
1. 2 жыл мурда эчким билчуу эмес эле ахметов жонундо, цскага откондон кийин билип калышты. Лично мен 4 жыл мурда коргом оюндарын, рубинде ойноп жургон кезинде, 85 чи номерде ойночу
+3
bond02
2019-01-18 17:19:05
Мен деле ойноп берейинчи э ошонун ордуна мекен учун, жалдырабагыла ал эми тоготпойт силерди.
+5
faraon312
2019-01-18 23:25:49
Бекер кылыпсың, Азамат. Эмоцияңды жашыра албай айтып алыпсың. Ахметовсуз Азияны утуп ким экениңерди көрсөткүлө андан көрө. Сен жаратыңдан эртерээк айыгып ал!
+4
odin-takoy
2019-01-19 08:37:24
Менин оюмча келбейт бул бала. Эрбол деген барселонанын мектебинде ал да орусиянын жараны ал да келбеши мунмун
-1
Pchelka85
2019-01-19 08:41:41
Эми карьераны ойлосо Ильзатка РФ сборныйында ойноо ага выгодно... биз ал учун аны жаман корбошубуз керек. Ал да оз келечегин ойлойт да бир чети...
+7
suban78
2019-01-19 08:46:25
Ээ келбе, биртке жарыбаган акча толоп беришет да калганын озулору жеп коюшат. Эртен ойной албай калсан "безпроблем" таштап кетишет.орустар менен эле журо бер, алар тушунуктуу, боорукер болушат.
+2
Colombiana
2019-01-19 08:55:38
Азамат Баймвтов,я тебя умоляю,Ильзат Ахметовго сенин кенешине муктаж эмес деп ойлойм.Эгерде Ильзат Россияга кетпей Кыргызстанда калса азыркыдай ийгиликке жетпейт болчу.Анда Суперчилер Кыргызстанда торолгон деп сыймыктанып жазбайт эле,туурабы.Анын багы ачылып,жылдлызы Россияда жанды,даражасы которулду.Акыл эси бар адам ушундай жетишкендиктерден баш тартып кетпейт да.Андан коро Байматов Кыргызстандан таланттуу жаш жеткинчектерден команда тузуп,колдоп которуп чык,колундан келсе.
+3
Colombiana
2019-01-19 09:10:41
Эмнегедир сенде жасалмалуулук бардай сезилет,чын ниеттик такыр жоктой.Бой которуучулук,озунду башкалардан жогору сезуу сенде куч алган,албетте сен мойнуна албайсын.Акылдуусунуп интернет аркылуу кайрылуу жасаганындан билинди.Бул менин жеке оюм.
0
Nur777
2019-01-19 12:32:31
Мынча жалдырабай эле койгулачы байболгурлар.
+2
lightning57
2019-01-19 13:21:12
Эч жайына коюшпады ушуну)
Менимче Ильзат оз жолун тандап бутту!Мекенин сатты минтти дегендерге тан калам,болгону Кыргызстанда туулган болсо,кыргыз эмес болгондон кийин не анча))
Оз келечеги учун кадам жасады,артка жол жокко эми!
Кыргыз курамасына келууго деле милдеттуу эмес)
Кыргызстанды саткан жокмун дегени менен Кыргызстанды данктай турган деле эчнерсе кылган жок))
Ага болбой эле, Кыргызстанда туулган минткен деп озулорунчо сыймыктанып алгандарга дееги тан калып б
0
kyrgyz.93
2019-01-19 13:41:21
Туура эки жылдан кийин ушул бала жоголуп калат россиянын курамынан эч жерде ойной албай грузчик болуп иштеп калат кыргыз элине кайт
-2
kyrgyz.93
2019-01-19 13:46:00
Бул баладан кучтуу оюнчулары жок болуп кетип жатат россия копко ойнотпойт
-1
TIMON_BERKOWITZ
2019-01-19 22:34:00
Ильзат ЦСКАга өтпөгөндө биздин курама га жалдыраса да албайт болчу, кимсиң сен деп. Эми карьера баштагандан кийин тим койгула. Буюрса Реалда ойноп келгенден кийин тренер болот КРда. Ошонусу керек.
Короче айтканда жумуртканы куурубай турсаңар ал өзүнө окшогон 10 жумуртка таап келет. Ошондо кууруй бересиңер)
0
bakyt9
2019-01-20 00:53:26
Мекен түшүнүк жок да Илзатта. Кечирип койгула мени улутчул деп күнөөлөбөгүлө. Тек жайына бир аз көз жүгүртүп койгула.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан