Азия Кубогу: Бүгүн жарым финалда БАЭ менен Катар беттешет

Бүгүн, 29-январда Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун жарым финалынын 2-беттеши орун алат. Бул күнү финалга чыгуу жолдомосу үчүн БАЭ менен Катар курама командалары беттешет.

Оюн Абу-Даби шаарындагы "Мохаммед бин Зайед" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

Кечээ, 28-январда Азия Кубогунун биринчи жарым финалдык беттеши орун алып, анда Япония курама командасы 3:0 эсеби менен Иранды утуп алды.

Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталып, 1-февралга чейин уланат. Мелдешке Кыргыз өлкөсү алгачкы жолу катышып, тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея жана Филиппинге каршы ойноп, 3 упай топтоо менен жарым чейрек финалга чыга алды. 1/8 финалда "Ак шумкарлар" талаа ээлери болгон БАЭ курамасынан 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Wold
2019-01-29 09:35:17
Катарга ийгилик, артисттерге жин тийип, биздин вратар оңолсун, кытай калыс жоголсун)).
+3
Nurbelek.
2019-01-29 09:43:33
БАЭ жеңилиш керек сөзсүз.
+1
Muratmipa
2019-01-29 11:08:17
Катарлыктар катар катар гол киргизгиле ОАЭни жыртып салгыла
+1
Nur777
2019-01-29 12:14:57
БАЭнин ири эсепте женилишин кутуп жатам!Же Катарды да сатып алдынарбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан