22-мартта биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берди. Бул тууралуу 23-мартта SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Шадиев Жогорку Кеңештен 2 миллион сомдун уурдалышына байланыштуу сурак берди.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров мыйзамсыз түрдө 2 миллион сомдон ашуун каражатты ыйгарып алган деп шектелип кармалган.
Аскарбек Шадиев вице-премьер-министр болгончо аталган комитеттин төрагасы болуп келген.