"Аскарбек Шадиевдин дарыланып жатканына 5-6 күн болуп калды" дейт Шадиевдин жардамчысы

Мурдагы вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жатканына 5-6 күн болуп калды. Бул тууралуу 13-апрелде SUPER.KG порталына депутат Аскарбек Шадиевдин жардамчысы Айбек Эрмеков билдирди.

"Аскарбек Алимбаевичтин дарылануусу качан бүтөрү, ооруканадан качан чыгары белгисиз", - деди Эрмеков.

Буга чейин өздүк булактар Аскарбек Шадиев аталган борбордо дарыланып жаткандыгын билдиришкен.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы депутаттын абалы тууралуу маалымат берилбей турганын билдиришти.

Айта кетсек, интернетте Аскарбек Шадиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак бергенден кийин ооруканага жатып калгандыгы тууралуу маалымат тараган. Бул боюнча УКМК комментарий бере элек.

Эске салсак, буга чейин 22-мартта Аскарбек Шадиев УКМКга Жогорку Кеңештен 2 миллион сомдун уурдалышына байланыштуу сурак берген. Шадиев 6-апрелде кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ady-88
2018-04-13 15:13:20
Укмкадан сурак берип чыгып эле аткаминерлер ооруканага жатып калат. Нееее баляяяя болгон укмкада жугуштуу вирус бар окшойт ыя
+10
ruslanz
2018-04-13 19:38:25
ady-88,Таамай айтыптырсын.
+2
aigulu
2018-04-14 14:01:45
ady-88,эпидемия :)
+1
zhigitaly
2018-04-13 15:23:03
Бул ХХХХХХХХ кармалса сразу кармайт ооруусу
+6
Zhunusov
2018-04-13 17:59:02
Кыргызстандагы кээ бир атка минерлер сурак бере баштаганда ооруу кана эсине түшүп ооруп калышат, мамлекеттин элдин акчасын жеп жатканда ооруса жакшы болот эле
+6
zhigitaly
2018-04-14 01:40:32
Репетиция дечу беле
+3
boika85kg
2018-04-14 21:38:28
Ак үйдө бүт баары оорукчан
Жаныңды гана кашайтат да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан