Бүгүн, 5-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин иши боюнча соттук процесс башталды.
Cоттук кароонун жүрүшүндө отурумдар Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу ансыз өтө турганы айтылды.
Ишти карап жаткан судья Эмилбек Каипов кийинки соттук кароодо күбөлөр суракка алына турганын билдирип, кийинки 3 соттук кароонун күндөрүн белгиледи. Ага ылайык, эмки соттук кароолор төмөнкү күндөрү өтмөкчү:
1) 20-ноябрда саат 16:00дө,
2) 22-ноябрь күнү саат 11:00дө.
3) 3-декабрь күнү саат 10:00дө.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын 29-апрелинде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген.
25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. 20-октябрда Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, Башка прокуратура ишти сотко өткөргөн. 2-ноябрда Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылган.