Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 13-апрелде биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин отставкасын кабыл алды. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Шадиев Конституциянын жана “Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамдын негизинде кызматынан бошотулду.
Маалым болгондой, Шадиев 5-6 күндөн бери Улуттук кардиология жана терапия борборунда ден соолугуна байланыштуу дарыланып жатат. Ал Жогорку Кеңештен 2 миллион сомдун уурдалышы боюнча тергөө иштери калыс жүргүзүлүүсү үчүн 6-апрелде кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров мыйзамсыз түрдө 2 миллион сомдон ашуун каражатты ыйгарып алган деп шектелип кармалган.
Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министр болгонго чейин аталган комитеттин төрагасы болуп келген. Ал аталган кызматтан кеткени менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, анын Жогорку Кеңештеги депутаттык орду сакталат.