"Билгеним боюнча, Аскарбек Шадиев өлкөдө эле жүрөт". Мындай пикирин бүгүн, 7-майда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, Шадиев кезектеги парламент жыйынына келип катышат. "Биз бир жума мурун, тагыраагы, май майрамдарынын алдында фракция жыйынын өткөргөнбүз. Ага Аскар Алимбаевич келип катышты. Ушул аптанын бейшемби күнү өтчү парламенттин жалпы жыйынына катышуусу мүмкүн. Менин билишимче, ал өлкө ичинде эле жүрөт", - деди Жапаров.
Ал эми дагы бир фракциялашы Улугбек Ормонов Шадиевди акыркы жолу 26-апрелде көргөнүн айтып, фракция бул маселе боюнча жакынкы күндөрү расмий маалымат тарата турганын айтты.
Буга чейин Шадиевдин жардамчысы Айбек Эрмеков: "Аскарбек Шадиев 27-апрель күнү өлкөдөн чыгып кеткен. Кайсы өлкөгө кеткени жана качан келери тууралуу маалыматым жок, бирок дарылануусу бүткөндөн кийин келет", - деп билдирген. Ал эми УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "биздин маалыматтар боюнча, депутат Аскарбек Шадиев эч жакка чыккан эмес" деп кабарлаган.
Айта кетсек, 28-апрелде мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши ачылып, Шадиевге "2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп, ушул сыйлык үчүн 30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн" деп айып тагылууда. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган.
Ушул жылы 9-февралда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров 30 миӊ долларды мыйзамсыз ыйгарып алган деген шек менен кармалган. Сөз болуп жаткан 30 миӊ доллар КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгына берилчү акча болгон. Бул акча Аскарбек Шадиев парламенттин Эл аралык иштер комитетинин төрагасы болуп турганда, анын жазган катынын негизинде парламент бюджетинен бөлүнүп, уурдалып кеткени ачыкка чыккан.
Шадиев 30 миң долларды бөлүү боюнча катка комитет жетекчиси катары билбей туруп кол койгонун айтып келет. Бул окуя боюнча 22-мартта Шадиев, 30-мартта Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков УКМКга суракка чакырылган.