Бүгүн, 27-мартта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз-Индия беттеши орун алат.
19:20. Бул беттеште Кыргыз курамасы ак түстөгү формачан ойносо, Индия курамасы көк түстөгү форма менен ойнойт.
19:25 Азыркы тапта Кыргыз улуттук кураманын негизги курамында чыга турган футболчулар белгилүү болду.
Алгачкы мүнөттөрдөн төмөнкү футболчулар чыгышат:
Павел Матяш;
Курсанбек Шератов;
Азамат Байматов;
Эдгар Бернхардт;
Мирлан Мурзаев;
Авазбек Откеев;
Кайрат Жыргалбек уулу;
Бахтияр Дүйшөбеков;
Фархат Мусабеков;
Антон Землянухин;
Ислам Шамшиев.
19:27. Учурда курама командалар талаа үстүнө чыгып, оюн алдындагы машыгууларын өткөрүүдө.
19:40. Стадион акырындан көрүүчүлөргө толо баштады. Индиянын күйөрмандары көп келди.
19:54. Кыргыз жана Индия курама командалары беттешке даяр болуп, талаа үстүнө чыгышты. Учурда Индия курамасынын гимни жаңырууда. Андан кийин Кыргыз мамлекетинин гимни жаңырууда. 3 мүнөттөн кийин беттеш башталат.
20:00 Калыстын ышкырыгы жаңырып, алгачкы тайм старт алды. Кыргыз курамасы алгачкы чабуулун аткарды. Бирок топту аягына чейин жеткире алган жок.
20:02 Го-о-о-л! Кыргыз курама командасы эсеп санын ачты. Азамат Байматов баштаган чабуулду Антон Землянухин жыйынтыктап эсепти 1:0 кылды. Кыргыз курамасы бул гол менен жеңил оюн көрсөтпөй турганын билдирди. Кыргыз курамасы кайрадан топко ээлик кылууда. Эдгар Бернхарддын атаандашынын дарбазасын көздөй узатылган топту чыгарып берүүгө Мирлан Мурзаев жетишпей калды.
20:09. Индия курамасы оюн эрежесин бузду. Кыргыз футболчулар айып сокку аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Антон Землянухиндин чыгарып берүүсү таамай болбой, топко алгач Индиянын дарбазачысы жетти. Андан кийин кыргыз футболчулары талаанын орто бөлүгүндө атаандашынан топту илип кетишти. Кыргыз футболчулар уламдан улам чабуулун курчутууда.
20:16. Авазбек Откеевдин соккусу таамай болбой калып, дарбазадан бир топ алыстыкта өтүп кетти. Оюндун 18-мүнөтүндө Азамат Байматов сары түстөгү айып кагазын алды.
20:23. Кыргыз улуттук курама командасы чабуул жасап, бирок Кайрат Жыргалбек уулу аны ийгиликтүү аяктай алган жок. Индия курама командасы ыкчам чабуул кылып, Кыргыз курамасынын дарбазачысы Павел Матьяш узатылган соккуну тосуп калды.
20:32 Оюндун биринчи бөлүгүнүн экинчи жарымында Индия курамасы байма-бай чабуул жасап, таамай жана так чыгарып берүүлөрдү жасоодо.
20:45. Калыстар оюндун биринчи бөлүгүнө кошумча 1 мүнөт кошту. Оюндун биринчи бөлүгү аягына чыгып, оюнчулар эс алууга кетишти.
21:03 Беттештин экинчи бөлүгү старт алды. Алгачкы эле мүнөттөрдө Индия курамасынын 26-номердеги оюнчусун 6-номердеги оюнчу алмаштырды.
21:15. Дарбазанын үстүңкү сол бурчуна багытталган Антон Землянухиндин тобу максатына жеткен жок. Кыргыз курамасында алмашуу болуп оюн талаасына Павел Сидоренко чыкты. Ал Фархад Мусабековдун ордуна кирди.
21:30. Кайрадан го-о-о-л! Бактияр Дүйшөбеков топту берип Мирлан Мурзаев гол киргизди. Оюндун 74 мүнөтүндө эсеп Кыргыз курамасынын пайдасында, 2:0.
21:40 Бактияр Дүйшөбековдун ордуна 3-номердеги Темирлан Козубаев оюн талаасына чыкты.
21:42. Антон Землянухин жаракат алып, анын ордуна Бекжан Сагынбаев оюн талаасына чыкты.
21:46. Гол! Эсеп 2:1, Индия курамасы сокку узатып гол киргизди. Башкы калыс кошумча 3 мүнөт берди, оюн уланууда.
21:52. Оюн жыйынтыкталды Кыргыз курамасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Азия Кубогуна өткөн үчүн футбол боюнча Кыргыз курама командасына 120 миң доллар тапшырылды.
Кыргыз жана Индия курамалары 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган Азия Кубогуна жолдомолорду камсыздай алышкан. Кыргыз курамасы жолдомону 5-турда Мьянма курамасын 5:1 эсебинде жеңип камсыздаса, Индия курамасы 4-турда Мьянма курамасы менен 2:2 эсебинде беттешип, 13 упай менен жолдомого ээ болгон.
Буга чейин Кыргыз жана Индия курамалары тандап алуу оюндарынын 2-турунун алкагында Индиянын Бенгалор шаарында кез келишкен. Анда оюндун жыйынтыгында Индия курамасы 1:0 эсеби менен жеңишке жеткен.