Кечээ, 29-майда Азербайжандын Баку шаарында футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы менен Азербайжан курама командасынын жолдоштук беттеши орун алды.
Беттеш "Баку олимпиадалык стадионунда" орун алып, 3:0 эсебинде Азербайжан курамасынын жеңиши менен аяктады. Эсеп санын азербайжандык футболчулар 17-мүнөттө ачты. Бурчтан көтөрүлгөн топту Азербайжан курамасынын капитаны Максим Медведев ийгиликтүү жыйынтыктап, эсепти 1:0 кылды. 74-мүнөттө Махир Мадатов айырмаланып эсепти 2:0 кылса, 84-мүнөттө Урфан Аббасов таамай болуп эсепти 3:0 кылды.
Муну менен Кыргыз курама командасы Азия Кубогуна даярдануудагы алгачкы беттешинде жеңишке жете алган жок.