Бахрейндин «Риффа» клубунун коргоочусу Азамат Байматов улуттук курама команданын капитаны болду. Футбол федерациясы билдиргендей, капитандыкты улуттук курамдын футболчулары өздөрү шайлаган. Эми Азамат Байматов Азия Кубогунун тандап алуу оюндарында команда капитаны болот.
27 жаштагы футболчу 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарында вице-капитан болгону менен, 7 оюнда капитан болгон.
Эскерте кетсек, Азия Кубогунун тандоо турунун алкагында 28-мартта Бишкек шаарында Кыргыз курамасы менен Макаонун командасы кез келет.