КСДП фракциясынан депутат Улан Примов ЖЭБге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия кийинки аптада иликтөө жыйынтыгын аяктай турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, аталган депутаттык комиссия 6 жолу отурум өткөргөн. "Комиссия ырааттуу жана калыс иш алып барып жатат. Көптөгөн документтерди топтоду", - дейт ал.
Жыйындын башында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев депутаттык комиссия иликтөөнүн жыйынтыгын тез арада чыгаруусу керектигин айткан.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.
Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан - Исхак Масалиев;
КСДП фракциясынан - Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;
"Бир Бол" фракциясынан - Мыктыбек Абдылдаев;
"Ата Мекен" фракциясынан - Сайдулла Нышанов;
"Республика-Ата Журт" фракциясынан - Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;
"Кыргызстан" фракциясынан - Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.