"ТВЕА" Калыс-Ордо конушундагы курган мектепке 2 миллион доллар жетпей, Бишкек мэриясы 104 миллион сом бөлүп берген" дейт Өмүрканов

"ТВЕА" Кытай компаниясы Калыс-Ордо конушундагы курган мектепке 2 миллион доллар жетпей калып, Бишкек мэриясы 104 миллион сом бөлүп берген. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуштун жетекчиси Сталбек Өмүрканов билдирди.

Бүгүн ЖЭБдеги авариянын себептерин жана ага жумшалган 386 миллион доллар боюнча депутаттык комиссиянын көчмө жыйыны Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо жаңы конушунда курулган мектепте өттү. Анда Өмүрканов депутаттарга мектептин курулушу тууралуу айтып берди.

"Бул жерге 2 кабаттуу 5 корпустан турган мектеп курулду. Мектептин курулушуна Бишкек шаарынын бюджетинен 104 миллион 395 миң сом каржылоо болду. "ТВЕА" компаниясы берген 2 миллион доллар 137 миллион сом болуп калмак. Бүгүн мектептин бүткөн баасы ар бир чарчы метрине карата 462 доллар болду. Бул жерде ичинде бүт жабдыктары бар. Бүгүнкү күндө 2 миң 220 окуучу 2 нөөмөт менен окуйт", - деди Өмүрканов.

Сталбек Өмүрканов мектептин курулушундагы бир нече себептерден улам, эки курулуш компаниясы алмашып үчүнчү компания гана мектептин курулушун бүтүргөнүн айтты.

"Альта групп" компаниясы бул жерге келип курулушту баштаган. Аны "ТВЕА" өзү тандаган. Аларга 1 миллион доллар которулган. Биз бир нече жолу жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөргөнбүз. 2013-жылы апрель айында келишим түзгөнбүз, төрт айда бүтүрөбүз деп бүтүрө алган жок. Ал эми 1 миллион доллар боюнча бүгүнкү күнгө чейин отчёт бере элек. Алар жумушту жасады, болгону отчётун бере алган жок. Бул жерде маселе жаратып жаткан жагдай бар. "ТВЕА" компаниясы отчётту базар баасы боюнча алат, биз мамлекеттик курулуштун өзүнүн баасы менен алабыз.

Кийин "Глав Строй" деген экинчи компанияны алып келишти. Ал компания да жакшы жумуш жасай албай, көп мүчүлүштүк болгондон кийин келишимди токтотконбуз. Үчүнчүcү"Айкөл курулуш" деген компания курулушту бүтүрдү. Бүгүн экспертизанын баары бар. Мектептин сметалык баасы 348 миллион сом болгон. 268 миллион имарат, 86 миллион инженердик байланыштарга каралмак. Биз 266 миллион сомго бүтүрүп жатабыз", - деди Өмүрканов.

Белгилей кетсек, Калыс-Ордо жаңы конушунда курулган №86-мектепке Кытайдан алынган гранттын эсебинен 2 миллион доллар жумшалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zzz---zzz
2018-03-13 20:31:20
Лейлек районунун Баул айылында 30- миллион сомго эле жакшынакай чакан мектеп курулуп окуучу балдар ошол мектептен билим алып жатышат. 2- миллион доллар жетпесе бул кандай алкымы чоңдор ал акчаны кайсыл жакка жумшады экен.
+1
fantomas
2018-03-14 06:35:56
350миллион сомго бутчу мектеп кандай мектеп экен, алтындан мектеп бекен?!! Мектеп курууга 50-100 миллион сом кенири жетет го?!! Болгондо да алыскы райондо эмес, борбордо курулуп жаткан сон...

Ушул Сталбек Омуркановду баш кылып жооптуу кызматкерлерди четинен камаш керек... Акчаны кытайлар менен чогуу жешкен ошолор... Мектептин чыныгы баасы 100 миллион сомго жетпейт, жумшалган акча 266 миллион сом. Ошондо 150 миллион сомду жеп алышкан кытайлар менен мэрия.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан