Бүгүн, 6-мартта Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө. Анда депутаттар ЖЭБде курулуп жаткан химиялык блоктун чоо-жайына кызыгышты. "Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов химиялык суу тазалоочу блок мурда курулбай, эмне үчүн эми курулуп жатканын сурады.
"Электр станциялары" ишканасынын башчысы Узак Кыдырбаев учурда "ТВЕА" компаниясы химиялык блоктун курулушун баштаганын айтты.
"Мен бул кызматка 2017-жылдын 3-июль күнү келгем. 4-июлда орун басарым келип, химиялык блокту куруунун зарылдыгын айтты. 2017-жылы 6-июль күнү протоколдук жыйын өткөрүп, "ТВЕА" менен химиялык блокту куруу маселесин талкуулаганбыз", - деди Кыдырбаев.
Нышанов авария боюнча коомдо түрдүү талкуулар болуп жатканын, мындан ЖЭБге жумшалган 386 миллион доллардын максатсыз жумшалышы боюнча нааразычылыктар айтылып жатканын кошумчалады.
ЖЭБдин жумуштан алынган мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу ушул маселе бир нече жолу көтөрүлгөнүн айтты. Ал 2016-жылы бул маселе боюнча 3-4 жолу протокол түзүлгөнүн белгиледи.