“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаевден тажрыйбалуу кызматкерлерди жумуштан бошотпой турууну суранды. Бул тууралуу депутат бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги кырдаал боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жөнөкөй кызматкерлерди депутаттык комиссиянын чечими чыкмайынча жумуштан бошотпой туруу зарыл. “Мекемелер аралык комиссия жетекчилерди жана жөнөкөй кызматкерлерди жумуштан бошотууну сунуштаптыр. Тажрыйбалуу адамдарды кетирбегиле. Аларды кызматынан төмөндөтсөңөр болот”, - деп Бишкек ЖЭБинин директоруна кайрылды.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.
Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан - Исхак Масалиев;
КСДП фракциясынан - Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;
"Бир Бол" фракциясынан - Мыктыбек Абдылдаев;
"Ата Мекен" фракциясынан - Сайдулла Нышанов;
"Республика-Ата Журт" фракциясынан - Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;
"Кыргызстан" фракциясынан - Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.