Кумарканадан 500 миң сом уттурган адам: "Бишкекте казинолор дагы деле иштеп жатат. Тийиштүү органдарга кайрылсам, ишти жаап коюшуптур"

Учурда Кыргыз өлкөсүндө кумар оюндарына тыюу салынганы менен дагы да болсо өз ишин улантып жаткан кумарканалар бар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Тимур аттуу мырза (аты өзгөртүлүп берилди) билдирди.

Анын айтымында, ал өзү ошол кумарканалардын курмандыгына айланып, 500 миң сомго жакын акчасын уттурган.

"Мен өзүм жакшы эле жерде иштечүмүн. Ушул жылдын февраль айында такси кызматында иштеген досум кумарканага бара турганын айтып, менин кошо баруумду өтүндү. Макул болуп, бардым. Ал жакка киргенде чай, сок, кофе каалаганыңды алып келип беришет экен. Мен чай ичтим. Бир аз туруп кайра эле ошол чайды ичким келди. Эмнегедир аны ичкен сайын башкача болуп, оюнга кандайча берилип кеткенимди өзүм түшүнбөй калдым. Ошентип ал күнү 20 миң сомдон ашуун акчамды уттуруп жибердим. Андан кийин уттурган акчамды кайра акташ үчүнбү же кандай, өзүм да жакшы билбейм, айтор ал жакка бат-баттан бара турган болдум. Таң калычтуусу бир да жолу уткан жокмун, ар бир барган сайын чоң суммадагы акчаларды уттуруп жаттым. Жалпысынан уттурган акчалардын эсеби 500 миң сомго чейин жетти. Акыркы жолу барганда 100 миң сом уттуруп, ошондо гана өзүмө келип, көзүм ачылгандай болду. Чынын айтсам анча акча өзүмдүкү эмес, ар кимден алган каражаттар болчу. Ал гана эмес бирөөнүн унаасын күрөөгө коюп, акча алган учур да болгон", - деди ал.

Ошондой эле, болгон окуядан кийин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына кайрылып, азыркы учурда тыюу салынганына карабай иштеп жаткан кумарканаларды териштирип, аларды жаптыруу үчүн арыз жазганын, бирок андан эч кандай жыйынтык чыкпаганын айтты.

"Менин башымдан өткөн окуя башкаларга да сабак болсун дейм. Анткени канчалаган карапайым калк ошол кумарканалардын курмандыгына айланып, карызга батышын каалабайм. Мындан улам казинолорду жабууну талап кылып, 6-март Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына кайрылгам. Ал жакта бул ишти кароону Айбек деген кызматкер моюнуна алган. Көп өтпөй эле ал эс алууга чыгып жатканын айтып, ишти Өмүрбек деген тергөөчүгө өткөрүп бергенин билдирди. Бирок иш териштирилген жок. Көрсө 26-март күнү кумаркананын жетекчилери менен сүйлөшүү жүргөн соң иш жабылган экен. Аны мага 28-март күнү айтып, иш жабылгандыгы тууралуу кагазды колума карматышты", - деди ал.

Мындан улам SUPER.KG порталы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында иштеген Өмүрбек аттуу тергөөчү менен байланышып, "Кумаркананын курмандыгына айланган адамдын бизге кайрылганы чын. Бирок мен бул иш боюнча эч кандай маалымат бере албайм. Ал үчүн биздин жетекчи менен байланышып, андан уруксат алуу керек", - деген жооп алды.

Порталдын журналисттери жогоруда Тимур мырза айткан кумарканага барып, чынында эле ал жакта кадимкидей оюн болуп жатканына күбө болушту. Андан ары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматын көздөй сапар улап, ал жактан жогоруда тергөөчү айткан жетекчи менен жолугушууну чечишти. Бирок ал жактын кабылдамасындагы кызматкер жетекчи менен байланышып, журналисттер жолугуу үчүн келгендигин айтканда, жетекчи эч кандай себепти түшүндүрбөстөн кабыл ала албай тургандыгын билдирип, жолугуудан баш тартты.

Кумар оюнуна 500 миң сомдой акчасын уттурган жигит: "Казинолор иштеп эле жатат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
nargiz94
2018-03-31 00:38:19
Тергоочуго олчойто акчаны берип коюшту да кумаркананын ээси. Чара коруш керек, чай, кофесин текшертиш керек. Табаа кылбагыла силер дагы, на конец-то эсине келиптир го!!! Омурбек деген тергоочуну да тергеш керек жакшылап, что-то коррупция болушу мумкун...
+24
lady_91
2018-03-31 09:49:24
nargiz94,же ошол жетекчинин казиносу болушу да мумкун
+4
anonymous
2018-03-31 00:43:21
Миллион уттурсаң анан карашат ойной бер өзүң күнөлүүсүң
-10
aibars
2018-03-31 00:50:14
Жогорку окуу жайды кызыл диплом менен бутуп, жакшы жумуш таап, жаны уйлонгон аталаш тууган байкем ушундай оюнга берилип кетип женеме конул бурбай кундоп тундоп чыкпай калган. 9- классымда атам таап келген экен, экоосу мектепке келишкен. Костюм шым, галстук, папкасын кармаган бирок чачы озуп, сакалы бир нече кун алынбай жудоп калган экен апсыйып. Кудай сактасын ушундай азгырыктардан. Азыр Аллаха шугур 4 кыздын атасы андай оюндарга барбай калган.
+10
akylbek.kg
2018-03-31 01:40:15
Мындай кылыш ар бир адамдын колунан келбейт..эрктуу адам экен.адашып жаман жолго тушкондун кобу бомж же арака берилип кетет, а бул кайра туура жолду тандап анан башкаларды жамандыктан тосуп жатат.Негизи мындай кылыш баарыбыздын милдетибиз ,озубуз туш болбосок жакындарыбыз кабылышы мумкун бул азгырыка....
+22
jaskaaa
2018-03-31 02:25:05
Ушул оюн менин эки туганымды сооруп. Эч нерсеси калбай калганда жанын кыйды. Балдары жетим калды. Бироонуку 3 баласы бироонуку 2 баласы жетим калды. 30 жашта чыгып чыкпай бул дүйнөдөн кетишти.
+9
RusMos76
2018-03-31 02:45:01
Омурбекти эмес анын начальнигин жумуштан алыш керек экен коррупция жогору жактан болуп атаат
+17
Djal1987
2018-03-31 02:57:09
Арыз жазган адам жакшы убугында токтолуптур. Кучтуу экен. Молодец эми экинчи баш бакпа ал жакка.
+9
Djal1987
2018-03-31 02:58:58
Кумар ойногон жерде иштегендер ХХХХХХХ болгула. Силерди элдин коз жашы кургатпайт.
+5
akzuura
2018-03-31 07:22:29
Ошончо акча ашыкча болуптурда сага? бербейт Эми белин бекчейип иштеп топтойсун.
+1
Ak_Bulut
2018-03-31 08:04:11
Эгер 500 мин утуп алсан сен наоборот казино ачмаксын. Ырас уттурупсун и айтып чыкканын жакшы болду, элге сабак болсун.
+5
Ak_Bulut
2018-03-31 08:10:47
Кумаркана жабылсада кумар жабылбайт,Оночу киши (мээси жоктор) ойной берет. картаны он сомго аласын Макиштин уйуно киресин, ойнойсун уттурасын.
+4
Bekzamann
2018-03-31 11:44:53
Ошол козинонун ээсине Аллах Таалам хидаят берсин!
+3
Djal1987
2018-03-31 12:30:12
Кумар ойногондор силер кул болуп жашайсынар. Силердин айынан туугандарынар балдарынар кул болот. Силердин зыянынар бут баарына тиет.
+1
Jumabek.aitgul
2018-03-31 13:12:25
Ушу оору менен менин жолдошумда ооруйт айла жок балдарым учун жашап журом кееде тунду тун дебей кунду кун дебей ошо жакта отуруп калат кудай озуго ыйман берсин
+1
KYKYPT
2018-03-31 21:37:44
Сокеге айтыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан