“Кышкы соната” корей сериалы аркылуу таанылган актриса Чой Жи У турмушка чыкты

Корей сериалынын төрөсү болгон “Кышкы сонатадагы” Кан Жун Сандын сүйүктүүсү Ю Жин эсиңизде чыгар. Мына ошол каарманды ойногон актриса Чой Жи У турмушка чыкты.

Үйлөнүү той жалпыга маалымдоо каражаттарынан жашыруун өтүп, актрисанын күйөрмандарына жазган кайрылуусунан кийин гана анын турмушка чыккандыгы ачыкка чыкты. Күтүүсүз жаңылыкты билдирген Чой Жи У мындай кадамга баруусун жолдошунун атактуу адам эмес экендиги менен түшүндүргөн. Той 100гө жетпеген эки тараптын туугандары жана башка жакын адамдарынын катышуусунда өткөнү айтылды. Чой Жи У кайрылуусунда жазгандай, турмушка чыккандан кийин деле актрисалыгын улантат.

Маалымат үчүн: Чой Жи У 42 жашта. Биринчи жолу 1995-жылы “Согуш жана сүйүү” сериалына тартылган. Бирок баш айланткан атактуулукту ага 2002-жылы чыккан “Кышкы соната” алып келген. Ушул дорамадан кийин көп жылдар бою корей жылдыздарынын арасында эң көп гонорар алган атактуу болуп турган. Ошондой эле “Бейишке карай тепкич”, “Аэропорт”, “Азгырык”, “Кайрадан жыйырма жаштагыдай” сериалдары көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
mirkaa5182
2018-04-01 21:36:25
Кыш сонатасын киносун катуу популярдуу болду го, куп көрдүк. Эх ошол убакыт да өттү.
+14
Paprikafm
2018-04-01 21:38:36
Ээмиби
+2
Tyty1990
2018-04-01 22:18:16
Paprikafm, дагыбы десен :) :)
0
Real.88
2018-04-01 21:40:32
Дагы деле жылт го Ю жин.
+9
Aitun
2018-04-01 22:18:24
Юджин менен кошо ыйлап канча тандар аткан чиркин. Магнитафондун касетасына жаздырып алып угуп. Джун Санг биринчи суйуум:)))
+9
Tyty1990
2018-04-01 22:18:54
Кышкы соната эмес кыш сонатасы
-1
Kalmurzaev8900
2018-04-01 22:21:06
Менин суйукту актрисамго кууш бонор бек болсун
0
Kalmurzaev8900
2018-04-01 22:23:25
Жунсангдын дагы малымат берип койгулачы админ
0
meni_kut
2018-04-01 23:47:11
Kalmurzaev8900,каза болгон
0
anandi
2018-04-02 02:24:17
meni_kut,ал Джунг Сан эмес,Сан Хюк каза болгон
+4
Zizika88
2018-04-02 11:27:26
meni_kut,Жунсанг азыр кызга окшоп чачын остуруп корсон кыз деп ойлойсун.
0
aIways-here
2018-04-01 22:25:10
Сүйүктүү актрисам бактылуу болсун!
+5
Djemre28
2018-04-01 22:50:05
Кыялкеч деген жигиттин суйгону го))
0
BarsBaatyr
2018-04-01 23:50:41
Эсимде,бир жолу кече уюштуруп кошуна айылдан сүйлөшкөн кыздарыбызды алып келгенбиз.Ошол убакта ушу сериал өтө популярдуу болуп,Ташкент каналынан көрсөтүлчү.Кече болгон түнү кезектеги сериясы болмок.Досум экөөбүз алып келген кыздарыбызга айтпай 8 км алыстыкта Ташкент каналы тарткан жерге жөө барып көрүп келгенбиз.Келгиче таңга маал болгон.Ошол кыздар бүгүнкү күнгө чейин күлүп калышат.Силер бизди эмес Ю джинди сүйгөнсүңөр деп.Эххх чиркин...сүйүүнү ушул кино үйрөттү го
+8
nurando
2018-04-02 00:47:16
Мени кичине күтүп турсан болот эле
Москвада иштеп калынга акча топтоп жүрөт элем эх аттин
+6
anandi
2018-04-02 02:25:40
менин да сүйүктүү серялым эле,эхх бактылуу болгула Ю Джин Жун
+2
nargiz94
2018-04-02 02:42:38
Булардын калкында дайыма кыздары кеч турмушка чыгат 40 тан откондо, балдары да кеч уйлонот. Небере-чоборо корбой деле калат болушу керек, же омурлору аябай узун болобу... Мен кыргызстанда бир кореянканы билем, коп кором, 44 то болчу. Бирок 25-30 жаштагыдай корунчу. Турмушка эрте али деп койгон
0
Aydarov.0607
2018-04-02 07:32:46
Бактылуу болсун. Дагы деле сулуу.
0
karakchyyy
2018-04-02 12:09:31
Ал чын эле аябай кыйалкеч жана ишенчек экен жашоодо деле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан