Жогорку Кеңеш ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу менен таанышты (10-май, 2018-жыл)

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссия ишинин жыйынтыгы менен депутаттарды тааныштырды.

9:45. Бишкек ЖЭБи боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов корутундуну күн тартибине киргизүүнү демилгеледи. Ал спикерден маселени кароону саат 14:00гө коюп берүүсүн жана тийиштүү адамдарды да жыйынга чакыруусун сунуштады.

9:48. КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков: "Эл азыр ЖЭБдин авариясын унутуп койгон. Сапар Исаковдун да сапары карыды. Айбек Калиев камалды. Корутундуну саат 16:00гө коюуну сунуштайм. Биз добуш берчү машина белек?" - деп нааразы болду Момбеков.

9:50. Ушул маселе боюнча депкомиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов: “Баарыңыздар билесиздер, комиссиябыз 3 ай мурун түзүлгөн. Маселе ачык каралды. Корутунду чыгаруу кыйын болду. Биздин коллегалардын да аты чыгып жатат", - деди Жамангулов.

9:52. ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү Сайдулла Нышанов: "Биз легендарлуу парламент катары тарыхта калышыбыз мүмкүн. Маселе ачык эле иликтенди. Комиссиянын чечимин гана колдоп же колдобой коюшубуз мүмкүн. Кошумча-алымча болбойт", - деди Нышанов.

9:53. Депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун кийинки апталарда шашпай кароо сунушталууда. Комиссиянын төрагасы Улан Примов күч түзүмдөрүнүн башчыларын да жыйынга чакырууну сунуштады.

9:54. Депутаттар добуш берүү аркылуу ЖЭБ чырын саат 14:00дө кароону чечишти.

14:20. Парламент жыйыны түшкү танапистен кийин башталуу алдында турат. Учурда депутаттарды каттоо жүрүп жатат. ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун угуу үчүн буга чейин чакырылган мурунку 4 премьер-министрден Сапар Исаков келди.

14:25. Депутаттардын суроолоруна жооп берүү үчүн атайын чакыртылган мурунку премьерлер Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев парламент жыйынына келди. Буга чейин Сапар Исаков келген болчу.

14:30. Парламент ЖЭБ маселесин карай баштады. Депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов корутундуну таныштыруу үчүн борбордук трибунага чыкты.

14:35. ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов: "ЖЭБдеги авария энергетика тармагындагы коррупциялык иштердин бетин ачып, бул багытта маселе бар экенин тастыктады. Комиссиянын ишмердигинде 800гө жакын суроолор талкууланды. Комиссияга 1000ден ашуун документтер келип түштү. ЖЭБдеги ишке тиешелүү мурдагы чиновниктер, экс-депутаттар чакыртылып, маалымат берди", - деди Примов.

14:40. Улан Примов: "ЖЭБге байланыштуу каражаттар натыйжалуу пайдаланылган эмес. Буга чейин керектүү текшерүү иштери өтпөй, кышка жакшы даярдык көрүлгөндө иш бул абалга жетмек эмес. Биздеги маалыматтар боюнча ЖЭБге 2017-жылы 417 миллион сом, 2016-жылы 477 миллион сом каражат сарпталган", - деди Примов.

14:45. Улан Примов ЖЭБди модернизациялоого сарпталган 386 миллион доллар тыйынына чейин текшерилиши керектигин айтты. "ТВЕА менен түзүлгөн келишимдер толук кандуу Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгын колдогон эмес", - деди комиссиянын төрагасы.

14:50. ЖЭБ боюнча кемчиликтер менен түзүлгөн келишимге Тышкы иштер министрлиги да, Юстиция министрлиги да каршы чыкпай колдоп берилгени айтылды. Мындан тышкары комиссия төрагасы Улан Примов карыз алуу боюнча келишим түзүлүп жатканда, ошол учурдагы каржы министри Ольга Лаврова расмий тилдеги эмес, англис тилиндеги келишимге кол койгонун айтты.

15:00. ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов билдирүүнүн аягында ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча документтерге кол койгон тийиштүү кызмат адамдарына укуктук баа берүү сунушу башкы прокурорго жибериле турганын айтты. Каражаттын иштетилиши боюнча Эсептөө палатасына, башкы прокурорго, УКМКга атайын тапшырма берилерин айтты. Ошондой эле комиссиянын корутундусу президентке, төрагага, баш прокурорго бериле турганын билдирди.

15:30. Комиссия мүчөсү, депутат Исхак Масалиев ("Өнүгүү-Прогресс") борбордук трибунага чыгып, ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайлар адилеттүү иликтениши үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратууну сунуштады.

"Бизден "бирөөнү камасын" деген чечим кабыл алынбашы керек. Комиссия өз милдетибизди аткардык. Бишкек ЖЭБинде авария болгону түшүнүктүү. Ага ошол жерде иштеген кызматкерлер күнөөлүү. Жаңы курулган агрегаттар жылуулукка жакшы пайда бербегени билинди. Эски агрегаттар өзүнчө, жаңысы өзүнчө объект болуп калган. Карыз алууда маселе жок", - деп сөзүн баштады Масалиев.

"Мындай чоң көлөмдөгү каражатты алууга президенттин гана эрки жетет. Ал ошол учурдагы каржы министрине карыз алуу боюнча сунуштама берген. Бул ыйгарым укукту ашыкча пайдаланганынан кабар берет. Бул жерде мыйзам бузулуп жатат. Бул келишимди түзүүдө Жогорку Кеңештин да салымы аз эмес. Мындай кадамдарды башкы прокуратура карап чыгышы керек", - деди Масалиев.

Андан соң ал иш адилеттүү иликтениши үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу керектигин айтты.

"Ошол учурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев парламентте “бул келишим ишке ашса, ЖЭБдин кубаттуулугу 300 мегаваттка көбөйүп, 50 жыл жылуулуксуз калбайбыз" деп мактанган. 300 мегаваттка көбөйгөнү туура, бирок 50 жыл дегени ашыкча да", - деди Масалиев.

15:40. Депутат Камчыбек Жолдошбаев пикир билдирип жатып, парламент жыйынына келген мурдагы чиновниктерге "Урматтуу жегичтер, ичкичтер" деп кайрылды.

15:45. Депутат Кожобек Рыспаев мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевдин эсепчиси ТВЕА компаниясынын эсепчиси болуп чыкканын айтты. "Датка-Кеминдин курулушун иликтеп чыгыш керек. Аскарбек Шадиевдин эсепчиси ТВЕА компаниясынын эсепчиси болуп чыгууда, бул калп эмес. Бул эмне шек жаратпайбы? 1 чакырым чубалгы, 3 зым карагай 644 миң долларга салынып жатат, ага дагы жетет. Мен ошондо аткаминерлерге “бул өчпөйт, эл көтөрөт, кредитти төлөш керек" деп айткам. Кайра төлөй турган акчага биз эмнеге кайдыгер карайбыз. Аткаруу бийлиги эмнеге көзөмөлдөбөйт, анчалык мыйзамга караса, эмнеге иштин аткарылышын сурабайт. Сураган да эмес. Ойлонуп көрсөк, бул иш башынан эле коррупциялашкан нерседей көрүнүп турат. Энергетика тармагына анализ жүргүзүп чыгышыбыз керек, 1 миллиард 600 миллион доллар жалаң энергосекторго келген. Акча кандай болуп коротулганын эч ким сурай элек, мына биринчиси ЖЭБ болуп жатат", - деди Рыспаев.

15:50. Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев депутаттарга кайрылып, "биздин кадыр-баркыбызга шек келтирбегиле" деп суранды.

15:55. Депутат Карамат Орозова мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевден президенттен келген документ боюнча сурады.

Артыкбаев Орозовага: "Маселе өтө маанилүү. Мен өзүм кол койгон документтерге жооп берүүгө даярмын. Бул долбоор менен министр болуп келгенде иштей баштагам. Мага чейин иш башталып, даяр болуп калыптыр. Мен келгенде орун басарым Аскарбек Шадиевдин карамагында экен. Мага президенттин тапшырмасы келген. Анда Исаковдун колу бар экен", - деп жооп берди.

Андан соң Орозова Артыкбаев тапшырманы гана аткарганын айтып, анын тиешеси жок экенин айтты. Кийин Орозова ошол учурда президенттик аппаратта иштеген Сапар Исаковдон “Эмнеге сиз президенттин атынан кат жолдодуңуз?” деп сурады.

Исаков Орозовага: "Президент бул маселени кароону сунуштайм деп жөнөткөн. Азыр Исхак Абсаматович (Масалиев) туура эмес маалымат берди. Ал элди алдабасын. Биз тигил же бул компанияны таңуулаган эмеспиз. Биз президентке маалымат гана бергенбиз. Ал болсо ишти кароону сунуштайм деп жатат. Алмаз Шаршенович тапшырма берген эмес да", - деп жооп берди.

"Эмнеге өкмөткө эмес, министрге жибергенсиздер?" - деп сурады Орозова.

Анын жообуна Артыкбаев: "Каттын негизинде чогулуш болгон. Ар бир жетекчи пикирин айткан. Авазов, Калиев пикир билдирген. Ал карап чыгып, оюн айтсын деген кат болгон”, - деди Артыкбаев.

16:10. Депутаттар 15 мүнөттүк тыныгууга чыгышты.

16:30. Тыныгуу аяктады.

16:34. Депутат Айсулуу Мамашева депутаттык комиссиянын корутундусунда аттары аталган адамдарга кайрылып, сиздерди документтерге кол коюуга мажбурлаштыбы деп кызыкты. "Эгер бүгүн айтпасаңар, эртең айрымдарыңар жоопко тартылышыңар мүмкүн", - деди депутат. Жыйынга келген тиешелүү адамдардан эч кандай реакция болгон жок.

16:40. Жыйындын жүрүшүндө мурунку премьер Жантөрө Сатыбалдиевден ТВЕАда кандай жеңилдиктер каралганы боюнча суроо берилди. Ал сүйлөшүүлөрдү Энергетика министрлиги жүргүзгөнүн айтты. "Мен Үрүмчүгө болгон сапарымда гана бул ишке аралашып калдым. Ал сапарымда Кытай тарап менен сүйлөшүп, насыянын үстөгүн 2,8 пайыздан 2 пайызга түшүрүп, жеңилдетилген мөөнөттү 7 жылдан 11 жылга узартууга жетишкем", - деди Сатыбалдиев.

16:50. Депутат Рыскелди Момбеков тышкы саясатты эске алып, абайлап сүйлөөгө чакырды. "Бүгүнкү жыйын мага абдан жагып жатат. Чыныгы парламент ушундай болушу керек. Бирок тышкы саясатты абайлап сүйлөсөк. Эртең эле президент Кытайга иш сапары менен барат. Мага 600 долларлык кычкачты көрсөтүп койгулачы. Мага ошол кызык болуп жатат. Көрүндүгүн берейин", - деди Момбеков.

Анын сунушуна ылайык, сатып алынган кычкач көрсөтүлдү.

Бул аракетке карата депкомиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов кескин сынын билдирди. "Бул деген уят. Парламент трибунасына кычкачты алып келип көрсөтүп отурабыз", - деди Жамангулов.

17:15. Парламент жыйынына алып келип көрсөтүлгөн кычкач боюнча депутаттар ЖЭБдин мурунку башчысы Нурлан Өмүркул уулунан сурады. Ал эл өкүлдөрүнө төмөнкүдөй түшүндүрмө берди. "Башында бир эле кычкач болчу. Ызы-чуу жаралгандан кийин калгандарын алып келип келип кошушту. Бул топтом 105 доллардан алынган. Кийин гана баасы жетпей калбасын деп калган шаймандарды кошушту", - деп жооп берди Өмүркул уулу.

17:20. Депутат Жанар Акаев ЖЭБ окуясы бардык мамлекеттик кызматкерлерге сабак болушу керектигин айтты. "Коңшу Казакстан алдыңкы 50 өлкөнүн ичине кирүүгө аракет кылууда, экономикасы артта деген Тажикстан "Коопсуз шаарды" ишке салып койду. Биз кычкачты көтөрүп уят болуп отурабыз. Сырттан келген карызды туура эмес иштеткени боюнча иштердин бети ачылып жатат, мамлекет итке минип турса дагы карыздан уурдаган "кыргыз азаматтары" бар экени өкүнүчтүү. Жолубузду Кытай, мектеп мечитти арабдар куруп берсе, аларга жалдырап жүрөбүз да. Коррупция менен күрөшө турган убак келди, туура эмес иш болуп жатканда убагында айтыш керек", - деди Акаев.

17:30. Депутат Талант Мамытов жыйынга чакырылган тийиштүү адамдардан "ЖЭБди жаңылоонун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН) болгонбу?" деп суроо берди. Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев бул ТЭН 1996-1997-жылдары бар болгонун айтты.

Мамытов ЖЭБ чуусун "атайын уюштурулган кылмыштуулук" деп атады. Андан сырткары ал бул иш боюнча канча кылмыш иши козголгонуна кызыкты. Тийиштүү аткаминер ага: "Жалпысынан 4 кылмыш иши козголду. Акыркысы "коррупция" беренеси боюнча ачылган", - деп жооп берди.

17:45. Депутат Марлен Маматалиев депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примовдон ТВЕА менен келишим түзүүгө кайсы премьер буйрук бергенин сурады. Примов ага бул иште Жантөрө Сатыбалдиев башында турган деп жооп берди. Маматалиев мындай чуулгандуу иштерде жөнөкөй кызматкерлер гана жазаланып калбашы керектигин баса белгиледи.

18:00. Жыйын аяктады. Бул маселени кароо 16-майда уланмакчы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан