Бүгүн, 10-майда ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында Рыскелди Момбеков тышкы саясатты эске алып, абайлап сүйлөөгө чакырды.
“Бүгүнкү жыйын мага абдан жагып жатат. Чыныгы парламент ушундай болушу керек. Бирок тышкы саясатты эске алып, абайлап сүйлөсөк. Эртең эле президент Кытайга иш сапары менен барат. Мага 600 долларлык кычкачты көрсөтүп койгулачы. Мага ошол кызык болуп жатат. Көрүндүгүн берейин”, - деди Момбеков. Анын сунушуна ылайык, сатып алынган кычкач көрсөтүлдү. Бул аракетке карата депкомиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов кескин сынын билдирди.
“Бул деген уят. Парламенттин трибунасына кычкачты алып келип көрсөтүп отурабыз”, - деди ал.
Парламент жыйынына алып келип көрсөтүлгөн кычкач боюнча депутаттар ЖЭБдин мурунку башчысы Нурлан Өмүркул уулуна кайрылышты. Ал эл өкүлдөрүнө төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.
“Башында бир эле кычкач болчу. Ызы-чуу жаралгандан кийин калгандарын алып келип кошушту. Бул набор 105 доллардан алынган. Кийин гана баасы жетпей калбасын деп калган шаймандарды кошту”, - деп жооп берди Өмүркул уулу.
Кененирээк бул шилтеме аркылуу кирип маалымат алыңыз.