386 миллион долларга ЖЭБди жаңылоо боюнча жети адамдан турган жумушчу топтун эки мүчөсү ата-бала болушкан

ЖЭБди жаңылоону башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан БримкуловБүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтеген депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны өтүүдө. Анда депутат Исхак Масалиев ЖЭБди жаңылоо боюнча жумушчу топко кимдер жумушка тартылганы боюнча тизмени бүгүнкү күнгө чейин ала албай жүргөнүн айтты.

Мен модернизациялоо жумуштарына тартылган адамдардын тизмесин ала албай жаткам. ЖЭБди жаңылоону башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго кайрылгым келип турат. Ошол эле убакта сиздин уулуңуз жумушчу топтун катарына кирди беле?" - деп кайрылды Масалиев.

Темирлан Бримкулов депутатка жооп кылып, модернизациялоо боюнча түзүлгөн 7 адамдан турган жумушчу топто уулу да бар экенин айтты.

Ал азыр да иштеп жатат. Аны “Электр станциялары” ишканасы жумушка алган. Ал мага түздөн түз баш ийбейт. Ал группанын башчысына баш ийет. Мен модернизациялоо боюнча аткаруучу директору болгом. Модернизация боюнча топко 7 адам мүчө болгонбуз”, - деди Бримкулов.

Депутат 6 миллион калктын арасында жооптуу кызматтарга, ата-бала бир туугандардын кирип калышын сындады.

“6 миллион кыргыздын арасында ата-баланы бир жерге койгонубуз кандай болот? Бул жерде кызык жагдай болууда. ЖЭБдин директору бир адам, цехтин башчысы анын бир тууганы, модернизациялоо боюнча топто ата-бала, бул абдан уят го!” - деп кошумчалады Масалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан