"ЖЭБге алынган акчанын 100 миллион долларын энергомафиянын 3 өкүлү жеп кеткен", - деген пикирин бүгүн, 16-майда парламент жыйынында депутат Алманбет Шыкмаматов айтты.
Шыкмаматов ЖЭБ кырсыгы болбогондо бул иштер ачылбай калып кетмек деди. “Бишкек ЖЭБи 1960-жылдары салынган. 30 премьердин 15инин эң керектүү долбоору ЖЭБди модернизациялоо болчу.
2009-жылы Максим Бакиев баштаган делегация Кытайга барган. Ошондо Сапар Исаков, сиз да баргансыз. 150 миллион доллар боюнча келишим түзүлгөн. Кийин муну 386 миллион долларга чыгарып жиберип жатпайбызбы. Модернизация керек болчу, ага акча да керек эле. Бул маселени биринчилерден болуп мурдагы энергетика министри Автандил Калмамбетов сүйлөй баштаган. Ал Кытайдын СМЕС компаниясы менен сүйлөшүп баштаган экен.
Андан кийин түшүнүксүз жерден эле ТВЕА пайда болот. Аны таап келген Салайдин Авазов болгон. Ал Сапар Исаковго кат жолдоп жатат. Президенттик аппараттын тиешеси жок болсо да аларга кат жиберилген. Исаков болсо ТВЕА боюнча көрсөтмө берип коюңуз деп жиберет. Президент болсо “карагыла” деп кат жолдоду. Бул “аткаргыла” дегени. Бул жерде президенттин тикелей көрсөтмөсү турат. 386 миллион доллар деп сүйлөшүлгөн. Анан гана өкмөт кредит алып отурат.
Эгер ЖЭБ кырсыгы болбогондо, бул иш ачылбай калмак. Мунун артында ким турганын аташыбыз керек. Аварияга болсо инженерлер менен техникалык кызматкерлер күнөөлүү. Биз эмнеге 200 миллион доллар эмес, 386 миллион доллар экенин сурабайбыз. Энергомафиянын 3 өкүлү 100 миллион долларды жеп кетти. Эмнеге тийиштүү тараптар караган жок деген суроо туулат. УКМК ошондо шалаакылык кылган. Билсе да билмексен болгон. ЖЭБге шаймандар бажыдан өткөндө УКМКга документ тиет. Ошондо эмнеге кымбат келип жатат деп коңгуроону каккан эмес? 386 миллион доллар алууда кимдердин кызыкчылыгы болгонун аныкташыбыз керек”, - деди Шыкмаматов.
Жогорку Кеңештин ЖЭБ боюнча болуп жаткан жыйынын төмөнкү шилтемеден түз эфирден көрүп, окуп турсаңыздар болот.