Коомдук ишмерлер жана саясатчылар экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин дарыланышына шарт түзүп берүү үчүн президент Сооронбай Жээнбековго, премьер-министр Сапар Исаковго, спикер Дастанбек Жумабековго жана парламенттеги фракциялардын лидерлерине, акыйкатчы Кубат Оторбаевге, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаровго кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу коомдук ишмерлер социалдык түйүндөгү баракчаларына жарыялашты.
Кайрылууда Текебаевдин ден соолугунун начарлашына №47-түзөтүү мекемесинин жетекчилиги тарабынан сапаттуу медициналык тейлөө шарттарын түзүп бербегени өз кесепетин тийгизиши мүмкүн экени жазылган. "Ата Мекен" партиясы Текебаевдин ден соолугунун начарлашына коркунуч жаралганына байланыштуу квалификациялуу дарыгерлерди тез арада киргизүүнү, түрмөдөн сырт жакта дарылоону жана ал отурган №47-колониядагы мыйзам бузууларды аныктоо жана жоюу максатында Жогорку Кеӊеш депутаттары, акыйкатчы, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор, тиешелүү министрлик, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда комиссия түзүүнү талап кылабыз. Жогоруда аты аталган бийликтегилерден Текебаевге өз учурунда сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнү көзөмөлдөөнү суранабыз”, - деп жазылат.
Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.