Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Өмүрбек Текебаевдин үй камагына чыгышы боюнча пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-августта журналисттерге билдирди.
"Мен буга чейин эле Текебаевге козголгон иш саясий буйрук экенин айтып келгем. Анын күнөөсү жок. Өлкөдө ушундай соттук чечимдер чыгып жатканына кубанычтамын. Ал толугу менен акталат деп үмүттөнөм. Соттордун акыйкат чечим чыгарганы өлкө үчүн жакшы нерсе", - деди Бабанов.
9-августта Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келген. Ал 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.
Кечээ, 29-августта Текебаев Биринчи Май райондук соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.