Аида Салянованын мандаты талашка түштү. БШК бул маселени кароону башка күнгө жылдырды

Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекен" партиясынын арызын кароону кийинки отурумга жылдырды. Бул тууралуу 4-апрелде өткөн БШКнын кезектеги отурумунда белгилүү болду.

Арызда партиянын тизмесинен Ташполот Балтабаевди, Талантбек Узакбаевди, Гүлнара-Клара Саматты жана Рыспек Мирзаматовду чыгарып салуу суралган.

Бул маселени башка күнгө жылдырууга "Ата Мекен" партиясынын мыйзамдуу өкүлү келбегени себеп болду. Отурумга катышкан "Ата Мекен" фракциясынын катчысы Нурбек Исаков жалпы партиянын мыйзамдуу өкүлү эмес экенин БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

"Фракция менен партия эки башка нерсе, сиз фракциянын атынан гана келдиңиз, ошол себептен сиз жалпы "Ата Мекен" партиясынын атынан жооп бере албайсыз", - деди Шайлдабекова.

БШКнын мүчөлөрү добуш берүү аркылуу "Ата Мекендин" маселесин кийинки отурумга жылдырды, бирок кайсы күнгө дайындалганы айтылган жок. Кийинки отурумда тийиштүү тараптардын өкүлү болбосо дагы бул маселе карала турганы чечилди.

Партиядан чыгарып салууга суралган Ташполот Балтабаев SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынын учурдагы лидеринин партиядан кимдир бирөөнү алып салууга акысы жок экенин айтты. "Бул жерде "бир байкеге" орун бошотуу аракети көрүлүп, карасанатайлык жасап жатышат. Мыйзам боюнча баш тарткан киши БШКга өз арызы менен келип, өзү "мен кетип жатам" деп айтыш керек. Башка жолдор менен мандаттан баш тарттыруу мүмкүн эмес", - деди Балтабаев.

Буга чейин парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Балтабаев, Узакбаев, Гүлнара-Клара Самат жана Мирзаматов парламенттик шайлоодо депутат болуу үчүн шайлоочулардын жетиштүү добуштарына ээ боло алышкан эместигин айтып, мандат Болот Шерге берилиши мүмкүн деп билдирген.

Белгилей кетсек, Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.

Быйыл 7-февралда Бишкек шаардык соту Саляновага карата чыгарган райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Буга байланыштуу Салянова өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан