Абактагы саясатчылардын жакындары: "Сегизбаев менен Жолдубаеванын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салыш керек"

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин, башкы прокурор Индира Жолдубаеванын өлкөнүн аймагынан чыгуусуна тыюу салуу керек. Мындай өтүнүчтү бүгүн, 11-апрелде Жогорку кеңештин депутаттары менен болгон жолугушууда соттолгон саясатчылардын жакындары айтышты.

Абакта жаткан мурдагы депутат Канат Исаевдин бир тууган агасы Талантбек Исаевдин айтымында, укук коргоо органдарынын саясий буйрук аткарган жооптуу жетекчилери жасаган иши үчүн жооп берүүсү керек.

"Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаева сыртка чыгып кеткени боюнча маалыматтар тарап жатат. Алардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө жол бербеш керек, жасаган иши үчүн алар жооп берүүсү зарыл. Андан сырткары, Жогорку Кеңеш саясатчыларды тыңшоону токтотуу боюнча укук коргоо органдарынан талап кылсаңыздар. Анткени алар кылмышкерлер менен күрөшпөй, саясатчылардын артынан аңдып калышты", - деди Талантбек Исаев.

Айта кетсек, депутаттар менен жолугушууда саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Дүйшөн Чотоновдун, Канат Исаевдин, Садыр Жапаровдун, Максат Кунакуновдун, Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадырбековдун, Эрнест Карыбековдун туугандары менен жактоочулары катышты. Мындан тышкары экс-президент Алмазбек Атамбаевге сотто утулган журналисттер Нарын Айып жана Дайырбек Орунбеков жыйынга келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2018-04-11 15:04:56
Тез арада чара көрүш керек качып кете электе
+5
Almaz.bim
2018-04-11 17:28:11
Сегизбаев менен Жолдубаева жоопко тартылуусу керек.Мына убакыт келди .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан