Тогуз-Тородогу алтын ылгоочу комбинат өрттөлгөн окуяда 7 адам жаракат алган

Тогуз-Тородогу алтын ылгоочу комбинат өрттөлгөн окуяда 7 адам жаракат алган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Мамажан Миянов билдирди.

"Ооруканага жалпы 7 адам кайрылып, 5 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн, 2 адам ооруканага жаткырылган. Кайрылган адамдардын алтоо милиция кызматкерлери болсо, бири жергиликтүү тургун болгон. Ооруканага жаткырылган адамдардын экөө тең милиция кызматкерлери, алардын абалы учурда жакшы, оор жаракат алган эмес", - дейт Миянов.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан жаракат алып, 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.

Тогуз-Тородо митингге чыккан эл алтын комбинатты өрттөп салышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
suban78
2018-04-12 11:08:20
Пайдасы элге тийбегенден кийин орттогону туура иш болгон. Бир ууч шустрыйлар пайдасын корот да, карапайым калк оорукчан болуп запкы тартышат. Же пайдасын коргон шустрыйлардын бироосу барып жардам берип коюшпайт. Азаматтар Тогуз торолуктар, азаматсынар. Шустрыйлар журушот лексустарды катар катар минишип, чет жерлерге барып эс алышып.
0
Belekus
2018-04-12 23:41:44
suban78,мен деле силерге пайда алып келбейм, мени деле ХХХХХХХХХХХХХХ?))))
0
jaazira13
2018-04-12 23:40:14
пайдасы тийбейт орттоп салыш керек деген эмне? Бишкекте мисалы канча торговый центр бар? ошонун канчасы иностранецтердиги? орттоп салбайлыбы? Дордойго деле товар кытайдан келетта, демек пайданы алар табат, дордойду деле отко салалыбы?
0
dysha
2018-04-12 23:42:53
митинг биринчиден жергиликтуу бийлик тарабынан ката, ошолор элге туура тушундуруп жумуш алып барса жакшы болмок, анан мен акиммин деп озунчоле ханзада болбой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан