"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 12-апрелде өткөргөн маалымат жыйынында Тогуз-Торо районундагы комбинаттын өрттөлүшүнө Жогорку Кеңеш менен өкмөттү күнөөлөдү. Анын пикиринде, район тургундары буга чейин митингге чыгып жатканда өкмөт алардын үнүн угушу керек эле.
"Булар кокусунан түн ичинде келип каракчылык менен өрттөгөн жери жок. Ушул мезгилге чейин эл нечен жолу кайрылып, митингге чыгып жатты. Азыр маалымат булактарынан окуп калдым, Жогорку Кеңеш өкмөт башчы Сапар Исаковго ошол деңгээлге жеткирген азаматтарды жоопко тартуу боюнча тапшырма бериптир. Кайсы мамлекетте жашап жатасыңар? Биринчи кезекте жоопкер - Жогорку Кеңеш өзү. Эмне үчүн эл чырылдап чыгып жатканда ошол жерге барышкан жок, эмне үчүн комиссия түзүшкөн жок. Эмне үчүн өкмөт башчы же орун басарлары элге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок? Кадамжай эли үлгү көрсөттү го. Шамби-Сай алтын казуу жайына эл каршы чыгып чогулду. Маселе чечилди. Тогуз-Торо эли да ушундай кылып митингге чыгып жатты. Жогорку Кеңешиң да, өкмөтүң да унчукпай койгондуктан, мындай жол менен көңүл бурдурууга мажбур болушту. Элдин кымындай да күнөөсү жок. Облус жетекчисинин, өкмөттөгү жооптуу адамдардын элге барбай койгондугу үчүн өздөрүн жоопко тартуу керек. Тойго же лента кескенге чакырса барышмак", - деди Мадумаров.
Белгилей кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып, ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.