Кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрү менен мэриянын кызматкерлери футбол боюнча достук беттешин өткөрөт

Борбор калаанын 140 жылдыгына карата кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрү менен мэриянын кызматкерлери футбол талаасында достук беттешин өткөрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы билдирди.

Маалым болгондой, беттеш 20-апрелде саат 16:00дө башталат.

"Биздин кызматкерлер менен жылдыздардын футболдук беттеши жыл сайын өткөрүлүп келет. Былтыр Ош шаарында өтсө, быйыл борбордогу "Дордой" спорт комплексинде орун алат. Мелдеш атайын даярдалган концерттик программа менен коштолот", - дейт басма сөз катчы.

Ошондой эле оюнга эл аралык категориядагы калыс Бахадыр Кочкаров калыстык кыла турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан