"Шадиев жүрөк оорусунан дарыланып жүрөт" дейт жактоочусу

Аскарбек Шадиевдин жактоочусу Учкун КаримовАскарбек Шадиев жүрөк оорусуна байланыштуу АКШга кеткенин бүгүн, 5-ноябрда SUPER.KG порталына анын жактоочусу Учкун Каримов билдирди. "Ал буга чейин деле жүрөк оорусу менен жабыркап, дарыланып келген. Алгач ал Москвага, кийин Нью-Йоркко кеткен экен", - деди Каримов.

Адвокаттын айтымында, Шадиев аны менен өзү байланышкан эмес. "Шадиевдин укуктарын коргоо үчүн мени анын туугандары жалдап, келишим түзүштү", - деп баса белгиледи адвокат.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 29-апрелинде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген.

25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. 20-октябрда Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, Башка прокуратура ишти сотко өткөргөн. 2-ноябрда Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылган.

"Аскарбек Шадиевдин жүрөгү ооруйт" дейт жактоочусу
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Nursbaike
2018-11-05 11:43:47
Жактоочу болсом Шадиевдин ишин алсак эмесмин уят озу качып журот бул жактан актап атышат . Келсин ошондой ак болсо министирлер олтурат турмодо кынк этпей байлыгым дебей байлыгынан чоочуган акмак
+7
HypcylTAH
2018-11-05 11:48:51
Отурабергиле, кетип калды деп!
+3
Bazake
2018-11-05 11:53:18
Дарыланбай эле АКШда жук ташыган фирманы жыргап эле иштетип журбойбу, не калп айтасынар?
+6
kyrgyzsaram
2018-11-05 11:56:22
Хе хехе журогу ооруп...тезинен кармап келип журогун дарылап, жегенин кустуруш керек. Болбосо журогу кармап олуп калса,ким толойт жегенин.
+6
bond02
2018-11-05 12:04:12
Эмнеси ооруса деле бир корунуп койбойбу.
+1
salimbek87.kg
2018-11-05 12:16:02
Эркек болсо келсин мен акмын деп билдирүү калтырыптыр ылдый жакта эгер ак болсо келип далилдесин кыргыз эл алдында э балли дейбиз
+2
titanik32
2018-11-05 12:57:52
Журөгү эмес ХХХХХХХ ооруса да качбаш керек эле,жүрөгү ооруган адам суу кечип качабы чек арадан.Шадиевдин актоочусу сен да токумуң жеп бүтүпсүн да,Кыргыз элине антип алдап лапша илбечи.
+4
almanbetperm
2018-11-05 13:06:35
Ушу шайлоонун алдында мед комиссиядан откорсонор болмок, а то коруп атабыз чекеден больнойлор
+4
Dembele84
2018-11-05 13:29:59
Бул кишиси дагы жалдангандан кийин аны олор олгучо актайт да эми.Акча берип койсо мындайлар ХХХХХХ да даяр.Кылмыш козголсо эле журок оору болушуп тойгозду ушул жегичтер.Элдин акчасын жеп жатканда журогу кармап ХХХХХ болмок!
+2
titanik32
2018-11-05 13:54:38
Шадиевдин бул адвокаты жалганды келиштирип сүйлөйт экен да.Шадиев өзү жазыптыр го, үй бүлөмдүн коопсуздугу үчүн Америкага чыгып кеттим деп,аа бул болсо оозуна келгенин оттоп жатат жүрөгү ооруп кетти деп.Калптары ушинтип эле чыгып калат
+2
admin_superstan
2018-11-05 15:00:23
Brilant-zhylan, titanik32,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга жол берилбейт! БАНга!
-3
Nursbaike
2018-11-05 15:21:01
Акча берип шайтанды да актап бер десен акташат булар
0
baltabaev
2018-11-05 20:37:30
Поккаарын десе,кустуруп кийин кетиргиле келбес жакка
0
baltabaev
2018-11-05 23:57:53
Заматта больными стали,жанды кашайтып.Колума тушуп калсан экен
0
Soni130587
2018-11-06 11:34:30
Ооруйтта ошончо акчаларды жеп койсон эми ###### ооруйт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан